Коммерциялык эмес уюмдарга карата терс мамилеси менен белгилүү болгон парламент депутаты Надира Нарматова өлкө ичинде алардын ишмердүүлүгүнө радикалдуу чектөөлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Түзөтүүлөр кабыл алынса коммерциялык эмес уюмдарды Орусиядагыдай «чет элдик агент» макамы, текшерүүлөр, отчёттор жана кылмыш жоопкерчилиги күтөт.

21-ноябрда Нарматова «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодекси тууралуу мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга чыгарды. Мунун баары коммерциялык эмес уюмдардын макамына тийиштүү.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде Кыргызстанда 18,5 миң ар түрдүү коммерциялык эмес уюмдар бар деп жазылган. Нарматова алардын көпчүлүгү «мамлекеттин саясий турмушуна кийлигишет» деп эсептейт.

Депутаттын айтымында, коммерциялык эмес уюмдардын «көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарындагы ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушуп, Кыргыз Республикасында саясий акцияларды уюштурууну жана өткөрүүнү каржылоо жолу менен катышууда».

Ушундан улам, Нарматова коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик өкүлчүлүк» (Орусиянын «чет элдик агентине» окшош) макам берүүнү, аларды атайын реестрге киргизип, коммерциялык эмес уюмдарды каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү, финансылык операциялары, персоналдык курамы, ишмердүүлүгү тууралуу такай отчёт берүүгө мажбурлоону сунуштады; бейөкмөт уюмдарга пландалган жана күтүүсүз текшерүүлөрдү киргизүү, аларга кайсы бир адамга же уюмга колдоо көрсөтүүгө тыюуу салуу каралган.

Нарматова «жарандарга зыян алып келген» жана «жарандык милдетин аткаруудан баш тартууга үндөгөн» коммерциялык эмес уюм түзгөндөрдү 200 000 сом айыпка жыгып, 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну сунуштап жатат. Бул түзөтүүлөр үндөшүп жаткан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде мөөнөтү азыраак — эки-үч жылга чейин эркинен ажыратуу деп белгиленген.

«Чет элдик өкүлдөр»

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга «чет элдик коммерциялык эмес уюмдар» жана «чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдар» деген түшүнүктөрдү киргизүү сунушталууда.

«Чет элдик коммерциялык эмес уюм» деп чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандан тышкары түзүлгөн жана уюштуруучулары же катышуучулары мамлекеттик органдар катары саналбаган уюмдар эсептелет.

Мындай «чет элдик коммерциялык уюмдардын» түзүмдөрү жана филиалдары милдеттүү каттоодон тышкары, өзүн «эл аралык уюмдардын жана чет элдик коммерциялык эмес уюмдардын реестрине» киргизүүсү керек.

«Чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюм» катары Кыргызстанда эки критерий менен түзүлгөн уюмдар эсептелинет:

  • чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан финансы же башка мүлк алуу;
  • Кыргызстандын саясий ишмердүүлүгүнө аралашуу, анын ичинде «чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн»;

Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдун саясий ишмердүүлүккө аралашуусу деп «мамлекттик органдардын өздөрү жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуусуна, ошол максатта коомдун пикирин калыптандырууга таасир этүүчү» саясий акцияларды каржылоо, уюштуруу жана өткөрүүсү аталат.

Ошол эле кезде, түзөтүүлөрдө илим жана маданият, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо, эне жана баланы коргоо, дене тарбиясы жана спорт, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, ошондой эле кайрымдуулук ишмердигин жүргүзүү, майыптыгы бар адамдарды колдоо, дени сак жашоо образын пропагандалоо саясий турмушка кирбей деген жазуу бар.

Отчёттор, отчёттор жана дагы отчёттор

Мыйзамдагы түзөтүүлөрдө коммерциялык эмес уюмдардын ачык-айкындыгы тууралуу беренени болушунча кеңейтүү сунушталган. Мисалы, «чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган» коммерциялык эмес уюмдун жылдык отчёту милдеттүү түрдө аудиттен өтөт. Ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин көлөмү жана түзүмү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы жөнүндө, анын чыгымдары, кызматчыларынын саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.

Уюмдар жарым жыл сайын ишмердиги, жетекчиликтин курамы тууралуу отчёт берип турууга, ал эми каражатты сарптоонун, анын ичинде чет өлкөлүк булактарган алынган акчаны коротуунун максаттары боюнча документтерди квартал сайын берип турууга милдеттендирилет.

Мындан тышкары, «чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган» чет өлкөлүк бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар (биринчи – ар жыл сайын, экинчи – жарым жыл сайын) ЖМКга же интернет булактарына өз ишмердиги, демөөрчүлөрү, мүлкү жана сарпталган акчасы тууралуу маалымат берип туруусу керек.

«Чет элдик өкүлдүн милдетин аткарган» коммерциялык эмес уюмду жылына кеминде бир жолу пландык текшерүү болот, ал эми маморгандарда күтүүсүз текшерүү укугу сакталат. Мисалы, прокуратура текшерүүнү талап кылса же текшерүүчү органдар буга чейин бузууларды аныктап, оңдоого мөөнөт берген болсо, ошондой эле коммерциялык эмес уюм тарабынан мыйзам бузулганы тууралуу маалымат түшсө.

Коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгүн токтотуу

Нарматованын түзөтүүсүндө, эгерде коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик өкүлдүн милдетин аткаргандардын» реестрине катталбаса ишмердүүгүн (6 айга чейинки мөөнөткө) токтотуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштайт.

«Коммерциялык эмес уюмдун иши токтотуп турган учурда, чарбалык иштер жана эмгек келишимдери, анын иш-аракеттери менен келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча эсептешүүлөрдү, салыктарды, жыйымдарды жана айып пулдарды төлөөнү кошпогондо, ага банктык салымдарды пайдаланууга тыюу салынат», — деп айтылат түзөтүүдө.

Уюм реестрге кирген күндөн тартып ишмердүүлүгү жанданат.

Ошондой эле, Нарматова «конституциялык түзүлүштүн негиздерин сактоо, мамлекеттин коргоону жана коопсуздугун, башка адамдардын адеп-ахлагын, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максаттарында» коммерциялык эмес уюмдарга «белгилүү» (ким экени мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн эмес) адамдарга же уюмдарга акча каражатын же дагы башка мүлк бөлүп берүүгө тыюу салууну сунуштайт.

Кылмыш жоопкерчилигине тартуу

Депутат Кылмыш жаза кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуштайт. Ага ылайык, «ишмердүүлүгү жарандарга зомбулук кылуу же алардын ден соолугуна зыян келтирүүгө, аларды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же укукка каршы аракеттерге үндөөгө байланыштуу болгон» коммерциялык эмес уюмдарга биригүү же түзүү үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Бирок, ошол эле учурда, мындай коммерциялык эмес уюмдардын «активдүү» катышуучуларын, «пропаганда менен алектенгендерди» катаалыраак жазалашмакчы — 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу.

Орусиянын чет элдик тыңчылар жөнүндө мыйзамын көчүрүү аракеттери

2014-жылы депутат Надира Нарматова орусиянын «чет өлкөлүк агент» мыйзамынын көчүрмөсү болгон мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан. Ошондо эле «саясий ишмердүүлүк менен алектенген» коммерциялык эмес уюмдардын баарына «чет өлкөлүк агент» макамын берүү пландалган. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документи кабыл албай коюшкан.

Анткен менен 2021-жылы парламент «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөрдү кабыл алып, ал эми президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр бардык коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) иши тууралуу отчёт берүүгө, анын ичинде бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдардын мүлкүн жана кызматкерлеринин жеке маалыматтарын да берүүгө милдеттендирет. Бул түзөтүүлөр дагы орус мыйзамдарынан көчүрүлгөн.

Бирок президенттин администрациясы муну менен токтоп калган эмес, ал 2022-жылдын ноябрында КЭУ тууралуу мыйзамга кезектеги түзөтүүлөрүн сунуштаган. Эгер бул түзөтүүлөр кабыл алынса, анда коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинде милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек болот, ал эми уюмдардын ишмердүүлүгү толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Бийликтин пикиринде, мамлекет «бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн» кызыкчылыгын ушинтип коргойт.

Бирок юристтер бул мыйзам долбоорун өтө кооптуу, жарандык коомдун оозун басууга, андан тышкары, бейөкмөт уюмдар менен күрөшүүгө багытталган деп эсептешет. Алар документ Конституцияга, эл аралык стандарттарга жана Кыргызстандын милдеттенмелерине каршы келет деп белгилешет.