Тергөөчүнүн журналист Болот Темировдун кыргыз паспортун жараксыз деп тапкыдай укугу жок болчу деп эсептешет адвокаттар. Биринчиден, бул адамдын күнөөсү бар же жогу аныкталганга чейин эле, тергөө маалында болгон деп белгилешти юристтер. Экинчиден, тергөөчүнүн кимдир бирөөнүн паспортун жокко чыгаргыдай таптакыр ыйгарым укугу жок. Бирок прокуратура менен сот жактоочу тараптын даттануусун кароодон баш тарткан. Бул укуктук катастрофа дейт юрист Таттыбүбү Эргешбаева.

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин («Өлкөдөн чыгарып жиберүү») негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Бул берене боюнча чет өлкөлүк жаран же жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан сырткары чыгарылат.

Бирок Темировдун жактоочулары менен бир катар юристтер журналистти өлкөдөн чыгаруу мыйзамсыз экенин айтышууда. Алардын айтымында, Болот Темиров Кыргызстандын жараны болгон жана болуп кала берет.

Бишкек шаардык сотунун чечими. Сүрөт: Kloop.

Тергөөчүнүн паспортту жокко чыгаргыдай укугу жок болчу

Шаардык соттун жыйынында Болот Темиров өзүндө кыргыз жана орус жарандыгы бар экенин, экөөнөн тең чыкпаганын айткан.

Журналисттин адвокаты Батыр Ботобеков «Клоопко» курган маегинде, Темировдун паспортторун Бишкек ШИИБдин тергөөчүсү адамдын күнөөсү бар же жогу аныктала электе эле, тергөө учурунда жокко чыгарып койгон деп тактоо киргизди.

Адвокаттын айтымында, тергөөчүнүн бул боюнча чечимин Темировдун жактоочулары журналистке айып тагылгандан кийин гана угушкан. Журналисттин иши боюнча биринчи сот отуруму май айынын ортосунда болгон.

Ботобеков тергөөчүдө паспортторду жокко чыгаруу укугу ыйгарым укугу жоктугун белгилейт. Анын айтымында, тергөө менен сот 2008-жылдагы мыйзамга таянып жатышат, ал убакта ИИМдин андай укугу бар болчу. Бирок алардын учурда эбактан бери андай укуктары жок.

Батыр Ботобеков. Сүрөт: Kloop.

«Аталган укуктук-ченемдик акт калкты паспорт менен камсыздоо ИИМдин түзүмүнө кирген мекемелердин ыйгарым укуктарына кирген учурда иштеген. [Азыр андай эмес]», — деп билдирди ал учурда паспортторду Мамлекеттик катоо кызматы менен Санарип өнүктүрүү министрлиги берерин кошумчалап.

Анын айтымында, Темировдун жактоочулары тергөөнүн токтомун даттанууга аракет кылышкан, бирок прокуратура менен сот бул маселени кароодон баш тарткан.

«Биз бул токтомду көргөндөн кийин прокуратура органдарына даттанганбыз. Алар жооп кылып бизди Свердлов райондук сотуна жиберишкен, иш ошол жакка өткөрүлгөнүн айтып. [...] Бирок, ал жерден судья токтомдун үстүнөн даттануу түшкөн эмес деп, а биз даттанган элек да, [биздин даттанууну кароосуз калтырган]», — деди адвокат.

«Бул укуктук катастрофа»

Темировдун дагы бир адвокаты Замир Жоошев бир дагы сот Темиров Кыргызстандын жарандыгын жасалма документтердин негизинде алган деп моюндабаганын белгиледи.

Ал кийин шаардык сот күчүндө калтырган Свердлов райондук сотунун чечиминде Темиров паспортторду жасалма документтерди пайдаланып алган деп айтылганын эске салды. Журналистти коргогон тарап «буга караманча макул эмес».

«Баары — прокурорлор, тергөөчүлөр жана судьялар да Болот Темировдун туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү расмий, ишенимдүү документ экенин моюндашкан. Демек, сот өндүрүшүнүн жогоруда аталган катышуучулары журналист Кыргыз Республикасынын жараны экенин таанышкан. Бирок райондук соттун судьясы өкүмдө эмнегедир Темиров Кыргызстандын жана Орусиянын жараны деп белгилеген. Ал эми шаардык соттун өкүмүндө Темиров Орусиянын гана жараны деп белгиленген. Өкүмдүн жүйөө келтирилүүчү бөлүгүндө эмне үчүн алардын оюнча Темиров Кыргыз Республикасынын жараны эместиги түшүндүрүлгөн эмес», — деп жазды Жоошев Темиров Кыргызстандын жараны жана жараны боюнча каларын белгилеп.

Беткапчан адамдар Болот Темировду сот Кыргызстандан чыгарып салуу чечимин кабыл алгандан кийин «Манас» аэропортунда коштоп баратат. Видеодон скриншот: «Клооп»

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Темиров кабылган жагдайды «укуктук катастрофа» деп атады. Ал сот Болот Темировдун конституциялык укуктары менен кепилдиктерин бузду деп белгиледи.

Эргешбаева адамды жарандыктан ажыратуу — узак жана татаал процесс экенин, ал эми журналистке карата чечим бир күндө эле кабыл алынганын эске салды.

Юрист Кыргызстандын Конституциясы башка да жарандыкты алып жүрүүгө жол берерин берерин белгиледи — Темировдун адвокаттары коргоп жатышкан адамынын жарандыгы дал ошондой экенин айтьшууда.

«Болот Темиров теги Кыргызстандан экенин эске алганда (журналист Кыргызстанда туулган, туугандары Кыргызстандын жарандары болуп эсептелет же болушкан, канында кыргыздын каны бар), аталган факт бийликтин саткынчылыгы болуп эсептелет», — деди Эргешбаева.

Юристтин пикиринде, Темировдун прецеденти «Кыргызстандын ар бир жаранынын жарандык макамынын коопсуздугуна коркунуч жаратат».

Депортацияга эмне түрткү болгон?

Сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду баңгизатты сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актаган, бирок аскердик билетти жасалмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Тергөөчүлөр журналист паспортун аталган жасалмаланган аскердик билеттин жардамы менен «мыйзамсыз» алган деп эсептешет. Бирок бул иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен Темировго жаза дайындалган эмес.

Бирок Темиров документтерди жасалмалоо иши боюнча айыптоо өкүмүн алууну талап кылып дароо аппеляциялык арыз тапшырган. Ошол эле маалда прокуратура дагы баңгизат жана чек арадан өтүү боюнча актоо өкүмүн кайра карап чыгууну талап кылып апелляциялык арыз берген.

Прокуратуранын апелляциялык арызын экинчи инстанциядагы сот 23-ноябрда карап, Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын калган бөлүгүн шаардык сот өзгөртүүсүз калтырган.

Шаардык соттун чечиминен кийин Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Жактоочулар үч сааттан ашык Темировду издеп, айласы кеткенде Бишкектеги бардык абак жайларын кыдырып чыгышкан.

Кечке жуук адвокаттардын бир бөлүгү «Манас» аэропортуна жөнөшүп, Темиров ошол жерден табылган. Ал бир сааттан ашык милиция бөлүмүндө кармалып турган, бирок ага чейин укук коргоо органдары журналист ал жерде жоктугун айтып ишендиришкен эле.

Темировду ал жерден жарандык кийинчен алты киши чыгарып, бажы көзөмөлүнө алып кетишкен. Ал жактан Темировду Москвага депортация кылышкан.

Дагы окуңуз: Шаардык сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу чечимин кабыл алды