«Сөз эркиндиги үчүн бирге күрөштүк». Сот Болот Темировго өкүм чыгарды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров баңгизат сактоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан иштер боюнча акталды. Ал эми аскердик билетти жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгиленген жок. Мындай чечимди 28-сентябрда Свердлов райондук соту кабыл алды.

Сот Темировду «баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо иши» боюнча тергөө калыс эмес болгон деп билдирди. Мындан сырткары журналист чек араны кесип өтүүдө мыйзам бузбаганын белгиледи.

Ал эми аскердик билетин жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тарткан жок. Темиров өзү бул боюнча апелляциялык арыз берерин белгиледи.

«Мен бүгүн бүт кыргызстандыктарды куттуктайм. Биз сөз эркиндиги үчүн бирге күрөштүк. Ал эми сот системасына оңолуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бердик», — деди ал.

Темиров ага баңгизат салып койгон кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу үчүн күрөшөөрүн кошумчалады.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Темиров паспортту, аскердик билетти мыйзамсыз алууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана баңги заттарын сактоого айыпталып жаткан.

Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болот Темиров кыргызстандыктардан «бийликтин өз билемдигине» каршы күрөштө колдоону суранды

Медиакоомчулук Болот Темировго карата куугунтукту токтотууну талап кылды

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту 28-сентябрда уланмай болду