«Басым кылуу ыкмасы». Темиров прокуратура аны актаган чечимди даттанууну каалап жатканын айтты

Мамлекеттик айыптоо иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүнө даттанууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына журналист өзү билдирди.

«Прокуратура бардык актоо өкүмдөрү боюнча апелляциялык арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаардык сотунда каралат. Биз эки апелляция бердик. Биринчиси — өкүмдүн айып тагылган бөлүгү боюнча, экинчиси — тергөөчүлөрдүн аракеттеринин мыйзамсыздыгы боюнча. Биринчиден бийлик мени отургузганга аракеттерди жөн койбойт жатат. Экинчиден соттук создуктуруу — бул биздин редакцияга жана жеке мага басым кылуунун ыкмасы», — деди Темиров.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировдун иши боюнча чечим чыгарган. Анда судья Темировду баңгизат сактоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан иштер боюнча актаган. Ал эми аскердик билетти жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгилеген эмес.

Ошондой эле судья Темировду «баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо иши» боюнча тергөө калыс эмес болгон деп билдирген. Мындан сырткары журналист чек араны кесип өтүүдө мыйзам бузбаганын белгилеген.

Ал эми аскердик билетин жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тарткан жок. Темиров өзү бул боюнча апелляциялык арыз берерин айткан.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Темиров паспортту, аскердик билетти мыйзамсыз алууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана баңги заттарын сактоого айыпталып жаткан.

Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сөз эркиндиги үчүн бирге күрөштүк». Сот Болот Темировго өкүм чыгарды

Болот Темиров кыргызстандыктардан «бийликтин өз билемдигине» каршы күрөштө колдоону суранды