Бекешев: Төрөтүп коюп карабай кеткен атадан көрө балага энесинин атын берген жакшы

Депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнөн эмне үчүн өлкөдө балдарга матчество берүүгө болбойт дагы «аларды төрөтүп, таштап кеткен жоопкерчиликсиз» аталардын атын бергенге болот деп сурады. Бул тууралуу АKIpress басылмасы жазды.

«Эмне үчүн матчество берсе болбойт? [...] Баланы тогуз ай курсагында көтөргөн аял эмне үчүн атасынын аты деген жерде ат ойлоп таап жазса болот дагы, бирок өз атын жаза албайт?» — деп сурады депутат.

Буга санарип өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров алардын тажрыйбасында матчество берген учур болгон эмес, ошондуктан мыйзам боюнча атасынын, өгөй атасынын же болбосо дагы бир башка «ойдон чыгарылган» эркек кишинин аты жазылат деп жооп берди.

«Мыйзам кабыл алынганда ал көптөгөн факторлорго негизделген. Тарыхий факторлор, биздин жайгашкан жерибиз», — деди Мамбеткадыров.

Ал эми Бекешев матчествого тыюунун логикасын түшүнбөсүн айтты.

«Кыргыздарда отчество деген нерсе деле болгон эмес. Мунун баары совет доорунан башталган… Баланы кылып коюп качып кеткен жоопкерчиликсиз адамдар өтө көп. Анан кантип ошол адамдын ысымы отчествого коюлат?» — деп ачууланды эл өкүлү.

Отчество vs Матчество

Жогорку сот 28-апрелде жазуучу Алтын Капаловага балдары үчүн атасынын атынын ордуна өз ысымын (матчество) калтырууга тыюу салган буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Анда Капалова соттун чечимин сындап Фейсбуктагы барагына «патриархалдык мамлекет, документке эненин атын киргизүү аракети кылмышка тең келет» деп пост жазган.

«Мен оорулуу баламдын башына жада калса МРТ кылып бере албаган, бирок ошол баламдын жана башка да балдарымдын документтеринен менин атымды алып салыш үчүн күрөшкө толтура ресурс, акча жана убакыт кетирген мамлекетке жиним кашайып турат. Мен сот акыйкаттыгын талап кылам. Мен тең укуктуулукту талап кылам. Менин конституциялык укуктарымдын сакталышын талап кылам. Мен документтерди, өз укуктарымды мамлекетке бербейм. Менин укуктарым силердин басынтуучу, тайкы мыйзамдарыңардан өйдө турат», — деп жазган Капалова Фейсбук барагында.

Алтын Капалова балдарын жалгыз тарбиялап келет, биологиялык аталары көмөктөшпөйт. Алар алимент төлөшкөн эмес жана балдарды тарбиялоого аралашпайт. Ошондуктан ал үч баласын өзүнүн атына каттатып, атасынын атынын ордуна матчество берген. Мындан улам 2021-жылдын январынан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошкон эле.

Мамкаттоо кызматы матчествону жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген.