Жогорку сот Алтын Капалованын балдарынын документинде «матчествону» калтыруудан баш тартты

Жогорку сот 28-апрелде жазуучу Алтын Капаловага балдары үчүн атасынын атынын ордуна өз ысымын (матчество) калтырууга тыюу салган буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына жазуучунун адвокаты Евгения Крапивина билдирди.

Бирок Крапивина юристтер чечимди Конституциялык сотко даттанарын кошумчалады.

Адвокат Конституция боюнча аял менен эркектин укугу бирдей экенин белгиледи.

Капалованын иши

Алтын Капалова балдарын жалгыз тарбиялап келет, биологиялык аталары көмөктөшпөйт. Алар алимент төлөшкөн эмес жана балдарды тарбиялоого аралашпайт.

Ал үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн 2021-жылдын январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келе жатат.

Мамкаттоо кызматы матчествону жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген.

Анда Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, атасынын аты деген графага атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын аты жазылууга тийиш деп көрсөтүлгөн. Тагыраагы, балдарды төрөп, аларга тарбия берген эненин эмес, эркек туугандын гана атын колдонууга болот.

Матчество жокко чыгарылгандан кийин Капалова Фейсбуктагы барагына патриархалдык мамлекет, документке эненин атын киргизүү аракети кылмышка теңелип, конституциялык укуктары бузулганы тууралуу пост жазган.

Алтын Капалованын балдарына фамилиянын ордуна өз ысымын бергенине байланыштуу иш 2021-жылдын августунан бери уланып келе жатат. Анда борбор калаанын Октябрь райондук соту жазуучунун балдарынын отчествосун матчествого алмаштыруу боюнча чечимди жокко чыгарган.

Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту дагы колдогон.