Бишкек: №67 мектептин окуучулары бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланды

30-ноябрда №67 мектептин имаратында бомба коюлганы тууралуу билдирүүдөн улам окуучулар эвакуацияланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

№67 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат №62 мектептин электрондук почтасына келген.

«Мектептин администрациясы бул факт боюнча дароо милицияга кабар берген. Милиция №67 мектепке жөнөп кеткен. Имараттагылардын баары эвакуацияланып, текшерүү, кароо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Sputnik.kg жеринде кинологдор иштеп жатканын жазды.

Буга чейин соцтүйүндө Бишкектеги мектептердин биринде окуган балдар эвакуацияланып жатканы тууралуу сүрөттөр пайда болгон. Анда №67 мектепте өрт чыкканы айтылган. Бирок ӨКМден аларга андай маалымат келбегенин билдиришти.

Башкы сүрөт: «Вечерний Бишкек».