Байсалов: Бийлик өлкөнү стратосферага алып баратат, ал эми бизнес-джет жалдоо — зарылдык

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter барагында Акылбек Жапаровдун Жапонияга жасаган сапары жөнүндө Temirov Live чыгарган видеого комментарий берди.

Видеодо журналисттер Жапаров жеке бизнес-джет менен учканын, ал мамлекеттик бюджетке 10 млн сомго айланганын айтышкан. Иликтөөчүлөр бюджет тартыштыгы рекорддук 35 млрд сомго чыгат деп болжонуп, бүтүндөй минкаб үнөмдөөгө аргасыз болуп жаткан чакта жеке учак жалдап учууга каражат коротуунун кажети бар беле деген суроого жооп издешкен.

«[Акылбек Жапаров] тиш щеткасын да колдонот, калем сап менен да жазат. Temirov Live’дын келесоолору, силер ызы-чууну ал жок жерден эле издеп жатасыңар. Премьер-министр Токиого шыпыргы минип жетиши керек беле??? Биз өткөн жылы эле айтпадык беле “Жаңы минкаб бул багытта чыгымын эселеп көбөйтүүнү көздөйт” деп. Бул мамлекеттик зарылчылык!» — деп жооп жазды Байсалов.

Ал өлкө «ыгы жок үнөмдөөдөн» эмес, иш жана камкордуктан бай жашайт деп кошумчалады.

«Стратосфера — бул биз силердин кымбаттуу редакцияңардын активдүү каршылык көрсөтүүсүнө жана маргиналдык-артта калгандардын саботажына карабай өлкөнү алып бараткан жер. Бирок биз коомчулук учакта учууну өтө эле кымбат, кол жеткис деп ойлоп жүргөнүн кезин эстеп бирге күлө турган күн келет», — дейт минкбадын төрагасынан орун басары.

Буга чейин Factchek.kg басылмасы 2022-жылдын башынан октябрдын аягына чейин өлкөнүн жогорку жетекчилерин ташуу боюнча «Эйр Кей Джи Авикомпаниясы» ААКы аткарган рейстерге мамлекеттик бюджеттен 178 млн 804 миң сом кеткенин жазган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Болгондо да бул бир гана ушул авиакомпанияга байланыштуу чыгымдар экени, бул суммага президенттин бизнес-джеттеги учуулары кирбегени белгиленген.