Түптүк Екатерина Бегель жаш манасчылардын республикалык сынагында жеңүүчү болду

Түп районунун 11-классынын окуучусу Екатерина Бегель жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Екатерина окуган мектептин директору Айнура Абдрахманова окуучуга жана мугалими Динара Үркүмбаевага ыраазычылык кат, диплом жана 10 миң сомдук сертификатты маданият министри Алтынбек Максүтов жеке өзү тапшырганын айтып берди.

«Екатерина буга чейин да көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Түп районунун намысын бийик коргоп келет», — деди Абдрахманова.

Екатерина Бегель Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Тал мектебинин 11-классынын окуучусу. Окуучу 8-класстан бери манас айтып келе жатканын айтат.

«Мектепти бүткөндөн кийин психологдун окуусуна тапшырсамбы деп жүрөм, бирок “Манасты” таштабайм», — дейт Екатерина маегинде.

Дагы окуңуз: «Саякбайдын жаш өнөктөшү». Он жаштагы манасчы тууралуу окуя