Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко ЕАЭБдин саммитине катышуу үчүн Бишкекке келди.
Путинди «Манас» аэропортунан минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Ал эми Лукашенкону минкабдын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп чыкты. Бул Путин менен Лукашенконун Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапары.
9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразаия эконмикалык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения) бардык өлкө башчылары катышууда.
Путин — агрессор
Дүйнө коомчулугу Орусиянын президенти Владимир Путинди 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салганы үчүн айыптап келет. Орус аскерлери азыркыга дейре Украинанын аймагында согуштук аракеттерди жасоону улантып келет.
Дүйнөнүн 143 мамлекети «Орусиянын Украинага каршы агрессиясы» деген аталыштагы БУУнун резолюциясын колдогон. Анда Орусиянын Украинага бастырып киргени кескин сындалат. Ошондой эле, резолюцияда аскердик күчтөрдү Украинадан чыгарып кетүү талабы жазылган. АКШ президенти Жо Байден 24-февралда Путин Украинага кол салганы үчүн «дүйнөлүк аренада жек көрүндү» болуп калат деп билдирген.
«Путиндин Украинага болгон агрессиясы акыр аягы Орусия үчүн кымбатка турат. […] Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдогон кайсы гана өлкө болбосун анын [бедели] Кремлдин аракеттерине шериктеш болуу менен булганат», — деген Байден.
Март айында АКШнын сенаты резолюция кабыл алып, Путинди «согуштук кылмышкер» деп атаган. АКШ Орусияга каршы ири экономикалык санкция салган. Ошондой эле, Еврабиримдик дагы катаал экономикалык санкциялар менен жооп берген. Санкциялар бир гана өлкөгө эле эмес, Путиндин өзүнө жана Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавровго карата да салынган. Ошондой эле Евробиримдик Украинага өзүнүн аскердик техникасын киргизе баштаганын да билдирген.
Жалпылап айтканда, кол салууга жооп иретинде батыш өлкөлөрү ири санцияларды салып Орусияны изолцияда калтырган. Бул Орусияны салынган санкцияларын көлөмү боюнча дүйнөдө лидерге айланткан.
Путин согушту Орусия баштаганын четке кагып келет. Ал согушту Украина 2014-жылы эле баштаган деп билдирген. Ал болуп жаткан нерселерди «атайын аскердик операция» деп атап жатат. Путин алгач Украинанын аймагына кол салууну «денацификация» — Украинада барын атып салчу неонацисттер бар деп аргументтеген.
Ал дал ушул Батыш Орусияны жок кылуу үчүн Украинанын аймагына «Орусияга каршы делген баалуулуктарды» киргизген деп эсептейт. Путин Батыш өлкөлөрү Украинада орусияга каршы маанайды жаратуу үчүн «таасирдүү илимий борборлорду жакшы каржылоо» менен «ондогон жылдар боюу иштеген» деп эсептейт. Ал Батыш Украинадагы согуштун негизинде Орусияны алсыз кылып жана жоготууну көздөйт деген пикирде.
Лукашенко — агрессордун жардамчысы
Орус аскерлери Украинага Беларустун аймагы аркылуу да кол салган деген да жүйөлөр бар. Эксперттер азыр Александар Лукашенкону Путиндин эң жакын союздаштарынын бири деп сыпатташат.
«2020-жылдын августуна чейин Лукашенко Орусия менен Батыштын ортосунда эки жактын эбин таап келген, бир тарапка бир нерсени убадаласа, экинчисине башка нерсени айтып, акыры эч бир убадасын аткарган эмес. Биз анын Орусия менен аябай жакындашканын 2020-жылдын августунан кийин, анын позициясы өтө начарлап, система бузулуу алдында калганда байкадык», — дейт Carnegie Endowment for International Peace’тин Борбор Азия боюнча эксперти Темир Умаров.
2020-жылдын августунда Беларуста президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекетти 1994-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко бул жолу да жеңишке жетти деп жарыялаган. БШКнын маалыматына ылайык, ал шайлоочулардын 80,08 пайыз добушуна ээ болгон.
Оппозиция Лукашенконун жеңишин тааныган эмес. Алардын эсеби боюнча, Лукашенконун эң башкы атаандашы Светлана Тихановская ага караганда көп добуш алган.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондордун массалык нааразычылыктары дээрлик жарым жылга созулган. Тынчтык акциялары күч органдары тарабынан катуу басылып, кармалгандардар аларга карата кыйноолор болгонун айтышкан. Нааразычылыктар болуп жаткан маалда, Тихановская коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Буларуста бүгүнкү күндө да режимге каршы болгондорго карата кылмыш иштери козголуп жатат.
2022-жылдын сентябрында Евробиримдик жана АКШ Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу шайланган президенти деп тааныбай турганын кабарлаган.
Батыш өлкөлөрү беларусь режими өлкө аймагын орус аскерлерине Украинанын аймагына абадан сокку уруу үчүн аянтча катары берип жатат деп эсептейт.
Батыш өлкөлөрү Беларуска карата да бир катар санкцияларды киргизген. Лукашенко батыш өлкөлөрүнүн бардык айыптоолорун четке кагып — Беларуста диктатура жок, «катуу тартип жана иретүүлүк бар» деп баса белгилеген.
Беларустун президенти Украина Орусиянын коопсуздугуна коркунуч алып келген деп эсептейт жана сүйлөшүүлөр менен согушту токтотуу алардын колунда экенин айтууда. Лукашенко Батыш Беларуска санцияларды салып эл аралык укуктарды бузуп жатат деп билдирген. Ал Еврабиримдиктеги өлкөлөрдү «АКШнын обонун созуп жатат» деп айыптаган. Беларустун президенти Орусия Украинада НАТОго каршы согуш жүргүзүп жатат деп эсептейт.
«Эгер Орусия НАТОго карата чара көрбөгөндө Орусияга каршы сокку урмак. […] Ошондуктан орус аскерлери Беларустун аймагы айрылуу Украинага киришти. Мен Орусияны жалгыз колдоп жатам, ал эми Батыштын ондогон өлкөсү Украинаны колдоодо. Силер мени агрессор деп жемелеп жатасынар. А силер кимсиңер? Силер [Батыш өлкөлөрү] курал жеткирип жатпайыңарбы?» — деп билдирген Лакашенко.