Сот активист Улукбек Маматаевди 20-февралга чейин камакта калтырды

Саясатчы, активист Улукбек Маматаев 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 10-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Улукбек Маматаев 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган 30га чукул активисттер саясатчылар менен чогу кармалган. Ага «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» айыбы тагылууда.

Маматаев менен бирге кармалгандардын бары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындашкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо

Суу сактагычка тиешелүү мыйзам долбоорлорун 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары дароо үч окууда кабыл алышкан — жыйын талаш-тартыштар менен коштолгон.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара келишимине 302,29 км аралыктагы участоктор кирди. Эми Кемпир-Абад суу сактагычын эки өлкөнүн биргелешкен комиссиялары башкарат.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев макулдашуунун негизинде кыргыз тарап «дээрлик 5 эсе көп жер аларын» билдирген. Анын айтымында, жалпысынан 19 699 гектар жер аянты өлкөнүн балансына алынды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер коңшу өлкөгө берилген.

Жыйындын жүрүшүндө Ташиев сын-пикир айткан депутаттарды «чагымчыл» деп атаган. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыгып кармалгандардын камалуусун колдогон.

Ал эми 29-ноябрда президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Президент кол койгондон кийин саясатчы Равшан Жээнбеков келечекте алар [Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүн айтып жаткан болушу мүмкүн] Өзбекстан менен ратификациядан өткөн келишимди жокко чыгаруу боюнча Эл аралык сотко кайрылышаарын билдиген.

Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөндөн бери суу сактагычты берүүгө жергиликтүү тургундар, айрым саясатчылар жана активисттер каршы чыгып келе жатат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, «Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз» деп кооптонушууда. Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы болгондор буга чейин жер-жерлерде митингдерди жана курултай өткөрүшкөн.