Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун ратификациядан өткөрдү.

Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алышты. Ага 64 депутат «макул», 19 «каршы» добуш беришти.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишимди да парламентарийлер кабыл алып беришти — ага 65 депутат «макул», 18 депутат «каршы» болду.

Парламенттеги жыйын кандай өттү?

17-ноябрдагы жыйында өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев макулдашуу тууралуу түшүндүрмө беришти.

Ташиев макулдашуунун негизинде кыргыз тарап «дээрлик 5 эсе көп жер алат» деп билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 19 699 гектар жер аянты өлкөнүн балансына алынды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер коңшу өлкөгө берилди.

УКМКнын башчысы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү участоктор Кыргызстандын балансына жазылды деп билдирди:

  • Гавасай, 12 849 гектар, Өзбек ССРи Кемпир-Абад сол жээк каналын курбагандыгы үчүн;
  • Көк-Серек, 105 гектар, кыргыз жарандары жашаган айылы менен кошо;
  • Баястан, 212 гектар;
  • Унгар-Тоо, 35 гектар, уюлдук компаниялардын жана мамлекеттик телеканалдардын антенналары жайгашкан;
  • Ак-Таш, 100 гектар – Кара-Суу шаарын кеңейтүү максатында жана саркынды тазалоочу жай куруу үчүн;
  • Кара-Белес, 25 гектар;
  • Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1000 гектар;
  • Кемпир-Абаддагы суунун көлөмү 908ден 900-горизонталга түшкөндө 1 246 гектар жер бошоду деди Ташиев.

Ташиев ошондой эле Орто-Токой суу сактагычы өтүп кетиптир деген маалыматтар тараганын айтып, аны четке какты. Ташиевдин айтымында, суу сактагыч толугу менен Кыргызстандын аймагына жазылган, бирок суусун өзбек тарап пайдаланат.

УКМКнын башчысы жыйындын жүрүшүндө сын-пикир айткан депутаттарды «чагымчыл» деп атады. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыгып кармалгандардын камалуусун колдоду.

«Эркин пикирин билдиргендер эмес, провокаторлор, “мамлекетке дестабилдүүлүктү алып келебиз, мамлекетте ызы-чуу салабыз, бийликти алабыз [дегендер]. Дал ушул мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарабыз” дегендердин тамырын кыркып жатабыз. Мындан ары да кыркабыз. Мен УКМКнын жетекчиси катары, мамлекетте тынчтыкты сактоону, стабилдүүлүктү кармап турууга милдеттүүмүн. Мен милдетимди так аткарам», — деди ал.

Ал эми президент Садыр Жапаров бүгүнкү жыйында Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюла турган «тарыхый күн» деп, депутаттарды колдоп берүүгө чакырды.

«Урматтуу депутаттар, эч коркпоңуздар. Биз туура жол менен кетип бара жатабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерибизди кайра кайтарып алып жатабыз», — деди президент.

Депутаттардын сыны

Жыйында оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүнү шарттаган документтерди сындап чыкты. Ал келишимди ратификациядан өткөрүү үчүн Конституциялык соттун чечими керектигин билдирди.

Анда юстиция министри Аяз Баетов «ал сөзсүз эмес» деп жооп берди. Мадумаров Баетовдун жообуна канааттанбай муну «сабатсыздык» деп атаган соң УКМКнын башчысы ага жооп кайтарды. Мындан сырткары президент Садыр Жапаров да сөз сүйлөп, министрге болушту.

Ушул эле маселени депутат Нуржигит Кадырбеков да көтөрүп, Ташиевге анын жанындагылардын кесипкөйлүгү тууралуу суроо берди.

«Өтө маанилүү документти албай келиптир. Ошондон улам сурап атам, командаңыздын профессионалдуулугуна ишенесизби деп? [...] Жалгыз иштеген жоксуз да, сизге жардамчы болуп команда иштеди, ошонун ар бир мүчөсүнүн репутациясына, тазалыгына, профессионалдуулугуна ишенесизби?» — деди Кадырбеков.

Анда Ташиев кол алдындагы кызматкерлерине «ишенээрин» айтып, ошондой эле мыйзам долбоору «толук мамлекеттин кызыкчылыгына иштейт» деп жооп берди.

«Биз муну ратификациялоо үчүн эки жыл иштедик. Эки жыл эки тараптан тең 20дай адам [иштеди]. Биз 10дон ашык жолу жолугуп, бир нече жолу ошол жерлерге барып көрдүк. Ошондон кийин гана чечимди кабыл алып жатабыз. Мен сизден кемирээк патриот эмесмин, урматтуу Нуржигит Кадырбекович», — деди Ташиев.

Ошондой эле депутат «Гавасай дарыясын өзүбүз колдоно албайбызбы» деп сураганда УКМКнын башчысы депутатты «сиз дарыяны барып көрүп келгенсизби» деп сынга алды.

«Сиз барып көрүп келсеңиз болмок, сизде убакыт көп. Менин убактым жок десем болот, күндө ар жакка чуркап жүрөм. Мына 3-4 айдан бери көрүнгөн интервьюну берип, туура эмес маалыматтарды тараткандан көрө, сиз Гавасайга барып, Гавасайды көрүп, Көк-Таш эли менен жолугуп анан кийин айтсаңыз жакшы болмок», — деди УКМК башчысы.

Ташиев жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен да айтышып, а түгүл сөгүнгөнгө чейин барды. Ошондой эле бул учурда Бакиров менен депутат Фархат Исмаилов жакалаша кетти.

Жыйындын аягында депутаттар мыйзам долбоорлорун тездик менен кабыл алышты. Муну «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров сынга алып, «чек ара жөнүндөгү келишимди беш мүнөттө дароо үч окууда жактыруу — мыйзамсыз» деп белгиледи.

Анын айтымында, регламент боюнча «ар бир окуунун ортосундагы аралык 10 секунд эмес, 10 күндөн кем эмес убакыт болууга тийиш».

«Бул менин талабым эмес, урматтуу жакшылар, бул регламенттин талабы. Бул жерде мамлекеттик чек ара өзгөрүп жатат. Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү мыйзамдар үчтөн кем эмес, керек болсо төртүнчү окууга барат деп турат. Эмне үчүн мыйзам чыгаруучу ушундай оор процедураны киргизип койгон? “Чек арага шашпагыла, кылдаттык менен изилдеп чыккыла” деп ушул нормаларды киргизген. Биз азыр 5 мүнөттүн ичинде 3 окуудан кабыл ала салдык», — деди ал.

Анда спикер Нурлан Шакиев баары «мыйзам чегинде болду» деп жооп берди.

Жыйындын аягында Садыр Жапаров депутаттарга ыраазычылык билдирип, «биз азыр чек араларды чечип, Кыргызстанды бүтүн кылып жатабыз» деп белгиледи.

«Эми буюрса Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо, буюрса жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. [...] Азыр чек араларды чечкенден кийин биздин эле өлкөдө эмес, жалпы Орто Азия өлкөлөрүндө тынчтык орнойт», — деди президент.

Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар

Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөндөн бери суу сактагычты берүүгө жергиликтүү тургундар, айрым саясатчылар жана активисттер каршы чыгып келе жатат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, «Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз» деп кооптонушууда.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолду — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан.

Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Кемпир-Абаддын берилүүсүнө каршылык билдиргендер Бишкек, Ош шаарларында жана Өзгөн районунда митинг, жөө-жүрүш курултайларды өткөрүшкөн.

Ошондой эле азыркы тапта 30дай активист жана саясатчы камакта жатат. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.

Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар «суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди

Камчыбек Ташиев «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарды «чагымчылдар» деп атады

Садыр Жапаров депутаттарды Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшү үчүн добуш берүүгө чакырды

Айдарбеков: Кыргызстандын Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануу укугу кыйла чектелген