Садыр Жапаров: Кемпир-Абад маселесин бийликке жетүүнүн шылтоосу катары колдонушат

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, бир катар оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин кармалышы боюнча үн катты. Кармалгандардын бир бөлүгү Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүлөлөрү, алар объекттин Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып жатышкан. ИИМ алар «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Жапаров Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирди.

Президенттин айтымында, ал «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен бир нече ирет жолугуп, суу сактагыч боюнча баарын түшүндүрүп берген. Жапаров өзгөндүктөр менен да жолукканын эске салды — бир жолкусунда Бишкекте Өкмөт үйүндө жолуккан. Анда жолугушуу беш сааттан ашык созулган.

«Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам. [...] Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы», — дейт ал.

Президенттин пикиринде, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт». Суу сактагыч маселесин, президенттин пикиринде, бийликке жетүүнүн шылтоосу катары колдонуп жатышат.

«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына [кызмат] жетпейт экен», — деп билдирди Жапаров.

Ал «пайда-батасы жок министрликтерди» ачпасын, себеби ал «ысырап» болуп каларын кошумчалады.

«Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем. Кемпир-Абад жана чек ара маселелери боюнча да ошондой болот, буюрса. Убакыт керек. Көпчүлүк элдин ишеними болсо болду. Калганын мага койгула», — деп суранды президент.

Ал укук коргоо органдарынын ишине кийлигишүүгө укугу жоктугун, ал эми кармалгандарга карата чечимди сот чыгарарын белгиледи.

«Акыркы чекитти сот коёт. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай», — деп жыйынтыктады сөзүн президент.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 25-октябрга карата бери дегенде 22 адам кармалганы белгилүү.

Кармагандан кийин милиция аларды баш коргоо чарасы кабыл алынгыча 48 саатка убактылуу кармоо изоляторуна киргизген.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын билдирген.

ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган».

Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.

Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.

24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.

Тема боюнча окуңуз:

«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү

Ошто Кемпир-Абадды жана ага байланыштуу кармалгандарды коргогон акция өттү

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бийликти колдогон митинг өттү