«Вирустук оорулар күчөдү». Чүйдөгү жана Бишкектеги ооруканаларга балдар үчүн 200 кошумча орун ачылат

Өспүрүмдөр арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөгөнүнө байланыштуу Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга 200 кошумча орун ачылат. Ал жерге кайрылган бейтаптарга убагында жардам көрсөтүлөт.

Мындай чечимди Саламаттык сактоо министрлиги 9-декабрда кабыл алды.

Ошондой эле, министрлик бардык облустагы саламаттык сактоо координаторлоруна сасык тумоо, пневмония менен ооруп жаткан балдарды күнү-түнү тынымсыз кабыл алуу жана стационарларга кошумча орун ачуу тапшырмасын берди.

«Ар кандай жугуштуу оорудан улам мектеп, бала бакчага бара албай жаткан балдар 5%ды түздү. Эгерде балдардын окууга катышуусу 20%га же андан ашык санга көбөйсө билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте ар бир мектепке, класска тез арада карантин киргизүү боюнча чаралар көрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын октябрдан апрель айына чейин сасык тумоо жана вирустук ооруларга чалдыккандар көп катталат.

Өлкөдө октябрь айынан бери сасык тумоо менен ооруп жаткандардын саны өсүүдө. Министрликтен ооругандардын дээрлик 70%ы 14 жашка чыга элек балдар экенин белгилешти.

8-декабрда ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен бүгүнкү күндө 34 адам чочко тумоосу менен ооруп жатканын билдиришкен.