Бишкек бир нече күндөн бери дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты

Кыргызстандын борбору — Бишкек — абасы кир шаарлардын рейтингинде кайрадан сап башына чыкты. AirQuality интернет кызматынын версиясы боюнча, 12-декабрдын таңына карата Кыргызстандын борбору экинчи орунга чыкты. Рейтингдин лидери — Пекин шаары.

11-декабрда Бишкек абасы булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээлеген.

AirQuality сайтынан скриншот.

Ресурстун маалыматы, 9-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкекте абанын булганчтыгы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен — 125тен 269 (AQI)*.

AirQuality сайтынан скриншот.

*AQI — абанын сапаты боюнча бирдиктүү система, ага абаны кирдетүүчү заттардын концентрациясы жана алардын таралуусу кирген.

Булак: movegreen.kg экологиялык уюму.

Кирдөөнүн деңгээли «өтө начар» болгондо балдарга, астмасы, жүрөк жана өпкө оорулары бар адамдарга терезелери жабык жерде калуу сунушталат. Калгандарга ачык абада убакыт өткөрүү же активдүү физикалык көнүгүүлөрдү жасоодон оолак болуу кеңеш берилет.

Көчөгө чыккан учурда Улуттук эмгекти коргоо институту (NIOSH) тарабынан сертификатталган N95 бет кабын тагынуу зарыл. Хирургиялык, медициналык бет каптар жана бандандар абанын кирин фильтрлөөгө ылайыкталган эмес.

Абанын индекси бардык аба булгагычтар боюнча эсептелет. Алардын негизгиси — PM2,5 микро бөлүкчөсү. Бул бөлүкчөлөрдө ыштардын, асфальттын, автоунаа дөңгөлөктөрүнүн, оор металлдар бирикмелеринин, туздардын жана башкалардын майда бөлүкчөлөрү бар.

Мындай бөлүкчөлөрдүн массалык топтолуусу — абанын сапатын жана анын адамдын ден соолугуна зыяндыгын баалоо үчүн негизги параметр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) ченемдери боюнча, РМ2.5 микро бөлүкчөсүнүн орто жылдык деңгээли 10 мкг/м3 ашпашы керек, ал эми орто суткалык деңгээли 25 мкг/м3 жогору болбошу зарыл.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркай башташат. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат.

Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.

Ошентип, смог менен күрөшүү үчүн Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында өзгөчө комиссия түзгөн. Ал жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун үстүндө иштейт.

Бирок комиссияга чейин 2021-жылдын 31-мартында парламент депутаттары «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алышкан. Бир жылдан кийин эл өкүлдөрү Министрлер кабинетинин Бишкектеги смогго каршы күрөшүү боюнча чараларын жетишсиз деп табышкан.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан зыяндуу газдар деп эсептейт. Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөнү жарылаган. Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.

Башкы беттеги сүрөт: Михаил Дудин