Кемпир-Абад иши: Айбек Бузурманкулов менен Али Шабдандын да камактагы мөөнөтү узартылды

Айбек Бузурманкулов жана Али Шабдан

Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов жана активист Али Шабдан 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Али Шабдан жана Айбек Бузурманкулов 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган 30га чукул активисттер, саясатчылар менен чогуу кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» айыбы тагылууда.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча кармалган дагы бир нече активисттердин камактагы мөөнөттөрү 20-февралга чейин узартылган.

Кыргыз-өзбек чек ара келишими

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин ратификациялоо жөнүндөгү жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу тууралуу мыйзамга кол коюшту.

Эки өлкөнүн президенттери кол койгон документтерди талкуулоо Кыргызстанда ири чуулар менен коштолгон.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын берилиши өлкө үчүн пайдалуу болот деп ишендирген. Бирок жергиликтүү тургундар, ошондой эле активисттер жана саясатчылар ага каршы чыгышкан.

Бир катар жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилсе кыргызстандыктар суу сактагычка жеткиликтүү болбой калат жана жарандар өзгөн күрүчү айдалган тааланы колдоно албай калат деп чочулашкан.

Талкууланган документтер суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүндө, ошондой эле өлкөнүн ири шаарлары — Бишкек менен Ошто митингдер менен курултайлардын өтүшүнө себепчи болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Дагы үч киши 20-февралга чейин камакта калды

Кемпир-Абадды коргоо комитети: Кошоматчы депутаттар объекттин өтүшүн мыйзамдаштырды

Камчыбек Ташиев «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарды «чагымчылдар» деп атады