Камчыбек Ташиев «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарды «чагымчылдар» деп атады

Камчыбек Ташиев. Сүрөт: ЖКнын сайты

17-ноябрдагы парламенттик жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт кармалган активист жана саясатчыларды «чагымчылдар» деп атады.

Мындай билдирүүнү Ташиев жыйында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим талкууланып жатканда депутат Адахан Мадумаровдун суроосуна жооп берип жатып айтты. Мадумаров Конституция боюнча ар бир жаран өз оюн эркин айтууга укуктуу экенин эскерткен болчу.

«Эркин пикирин билдиргендер эмес, провакаторлор, мамлекетке дестабилдүүлүктү алып келебиз, мамлекетте дагы ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз [дегендер]. Дал ушул мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарабыз дегендердин тамырын кыркып жатабыз. Мындан ары да кыркабыз», — деди Ташиев.

Ташиев «мамлекетке кимдер бүлүк салгысы келсе, ички-тышкы душман дебей чара көрүүгө милдеттүүбүз» деп кошумчалады.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп кармаган активист жана саясатчылардын саны дээрлик 30га жакындады. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Кармалгандар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуу үч окууда кабыл алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Өлкөнүн өнүгүшүн каалабаган, чет өлкөдөн каржыланган деструктивдик күчтөр бар

Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди