«Отканада жүргөндөйбүз». Депутат Бишкекте ышка каршы чара көрүлбөй жатканына ачууланды

Парламенттин 14-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов Бишкектеги смог маселесин кароону сунуштады, бирок вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул тема кийинки аптада талкууланат деп жооп берди. Сыдыгалиевдин жообуна депутат Сүйүн Өмүрзаков ачууланды.

«Чыксаңыз көчөгө! Биз барыбыз кочегарда жүргөндөй болуп жатабыз. Ошондуктан бардык маселени токтотуп, бир саатты белгилеп [ыш боюнча] тапшырма берели. Бул ишти бүгүнтөн [калтырбай] баштайлы. Эртең ден соолукту жоготкондон кийин кеч болуп калат», — деди Өмүрзаков.

Сыдыгалиев депутатка «эшикке чыгып эле жүрөм, баарын көрүп атам» деп жооп берди. Анын айтымында, смог маселесин талкуулоого каршы эмес, бирок парламенттин регламенти маселени күн тартибине киргизүүгө жол бербейт.

«Регламент жол бербейт. Мен эмне кылайын? Эртеңкиге жооптууларды чакыралы, маалыматтарын угалы», — деп жооп берди вице-спикер.

Ал эми Шайлообек Атазов өз сөзүндө шаардын үстүндөгү ыш жарандардын ден соолугун бузуп жатканын айтты.

«Абанын булганышынан улам жаш балдардын өпкө оорусу жана башка оорулар күчөдү. Көпчүлүгү ушул ыштын айынан бул дүйнө менен кош айтышып жатат. Мына депутаттарыбыз кечээ күнү бир нече жыйын кылды, өкмөттө жыйын болуп жатат. Бирок жыйындын жыйынтыгы жок. Себеби аткаминерлер [бул маселеге] кайдыгер карап жатышат[…] Тийиштүү жетекчилерди чакыралы. А мүмкүн саботаж кылып, кээ бир аткаминерлер атайын ушу абаны булгаш үчүн иштеп жатышкандыр», — деди Атазов.

Талаш-тартыштын аягында депутаттар 14-декабрда парламентке шаардын экологиясы үчүн жооптууларды чакырууну чечишти.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат.

Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.

Ошентип, смог менен күрөшүү үчүн Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында өзгөчө комиссия түзгөн. Ал жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун үстүндө иштейт.

Бирок комиссияга чейин 2021-жылдын 31-мартында парламент депутаттары «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алышкан. Бир жылдан кийин эл өкүлдөрү Министрлер кабинетинин Бишкектеги смогго каршы күрөшүү боюнча чараларын жетишсиз деп табышкан.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан зыяндуу газдар деп эсептейт. Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр жагуу деген изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөө жарыялаган. Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.

Башкы беттеги сүрөт: Михаил Дудин