Баткенде 20 млн сомго таштардан жол жана тратуарлар салына баштады

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Дөбө айылында таштардан жол жана тротуарлар салына баштады. Бул тууралуу 16-декабрда Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоордун баасы 19 млн 496 миң 667 сомду түзөрү белгиленди.

Долбоордун буюрматчысы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы эсептелинет, ал эми жалданмачысы — Жалал-Абад асфальт-бетон заводу. Долбоордун сметасына 3 чакырым жол жана жалпы узундугу 1380 метр көчө кирген.

Көчөлөрдү негизги көчөгө туташтырган жол тилкесинин туурасы — 7 метр, анын ичинен 3,6 метрине 0,7 метрден таш төшөлүп, четтери 1,4 метр асфальт-бетон төшөө менен бекитилет. Эки тарабына бир метрден кум-шагыл аралаш бордюр коюлат.

Мындан тышкары, Дөбө айылынын чоң көчөсүнө туурасы 1,7 метр болгон эки тараптуу таш таман төшөө пландалууда. Ошол эле жерде бала бакчанын жанына бир тараптуу тротуар төшөлөт.

Учурда Дөбө айылында берилген өлчөмдөргө ылайык ташты кесүүчү завод ишке киргизилип, жолдун 1 чакырым тилкесине таш төшөө үчүн фундаменти даярдалганы айтылат.

Маалыматта буга чейин да ушундай эле долбоор ишке ашырылганы белгиленди. Алсак, Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда эксперимент катары узундугу 1 км болгон жолдун бир бөлүгүнө таш төшөлгөн. Мекемеден аталган жол сегиз жылдын ичинде бузулбаганын белгилешти.

«[Баткендеги] жолдун таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, жолдун бир бөлүгүн таш менен төшөө ыкмасы Улуттук долбоор катары каралып, өлкө боюнча киргизилет», — деп билдиришти Транспорт министрлигинен.