«Мырктай болуп». Бекешев вице-мэрди сындады, чиновник эл өкүлүн сотко бермей болду

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев депутат Дастан Бекешевди сотко бермей болууда. Бул эл өкүлү Орунтаевдин 15-декабрдагы митингдеги жүрүм-турумун сынга алгандан кийин белгилүү болду.

Аталган митинг гараждарды алууга каршы мэриянын алдында өткөн. Анда Орунтаев нааразылардын алдына чыгып, үн күчөткүчтү алып, шаардыктардын мэрди чакыруу талабынын үстүнөн кыйкырып, өз акциясын баштаган. «Сиз митингге тоскоолдук кылып жатасызбы?» деген суроого чиновник «ооба» деп жооп берип, «Биз келишимди талап кылабыз!» деп кыйкырып туруп алган.

Бекешев жооптуу мамлекеттик кызматкер андайга барбашы керек эле деп эсептейт. Ал парламенттин жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровдон чиновниктин аракетине көңүл бурууну суранган.

«Кечиргиле, бирок муниципалдык кызматкердин этикасы деген бар. [Орунтаев] мырктай болуп алар менен кошо туруп алып [рупор менен] кыйкырып жатат. Бул эмне деген жорук эми? Мэриядагылар иш алып барып, түшүндүрүшү керек да, жок, ошол жерде туруп алып, кыйкырынып жатат. Бул жерден мен өзү уялып кеттим […] Эми аны кантип Бишкектин вице-мэри деп айтса болот?» — деген Бекешев жыйында.

Орунтаев Бекешевдин сынына дароо реакциясын билдирип, депутаттын ага таарынычы бар экенин айтты. Аткаминердин айтымында, жакында эле шаар бийлиги депутат жашаган үйдүн тосмосун сүрдүргөн.

«Дастан Бекешев боюнча айтсам, ал ар кандай коммерциялык объектилерди орнотууга уруксат ала албай жатат. Биз бир нече жолу баш тартканбыз. Бул жагынан ал ушундай саясат жүргүзүп жатат. [...] Дастан Бекешевдин сөзү боюнча айтсам, ал өзүнүн тарбиясыз экенин көрсөттү», — деди Орунтаев AKIpress’ке курган маегинде.

Ал гараждардын алынышына каршы митинг депутат тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Андан кийин эле Бекешев телеграм-каналында Орунтаев байланышып, аны сотко берүүнү көздөп жатканын айтып берген. Депутат сотту күтөрүн да кошумчалаган.

«Вице-мэр таптакыр эле көөп кетиптир — мэрия мен жашаган үйдүн тосмосун бузган деп болбогон нерсени айтып жатат. Мен ал үйдү ким тапса, белек кылып берем. Соода түйүндөрү боюнча мен бир да жолу суранган эмесмин. Мен бул калпычынын айткандарына баа берүүнү суранып Башкы прокуратурага кайрылам», — деп жазды депутат Twitter барагында.

Бишкекте гараждардын алынышы

Быйыл Бишкек мэриясы гараж кооперативдерине байланыштуу маселени чече баштаган. 2022-жылдын мартында муниципалдык атайын техника Бишкектин 11-кичи районундагы 500 гаражды сүрдүргөн.

Анда мэрия сүрдүрүүнү соттун 5 жыл мурда чыккан чечими менен негиздеген. Бирок гараж кооперативинин ээлери бул тууралуу гараждарды аларда гана билишкенин айтышкан. Ошол учурда кооперативдин катышуучулары гараждардын алынышына каршы чыгып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес.

Мэрия ошол учурда гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай салуу пландалып жатканын билдирген. Бирок сентябрдын аягында ал жерде көп кабаттуу үйлөр салынаары белгилүү болгон.

Октябрдын орто ченинде Бишкек мэриясы шаардын гараж кооперативдери менен жерди ижарага берүү келишимдерин узартууну токтотуп, аларга «Бишкек унаа токтотуучу жайлар» ишканасы менен келишим түзүү керектиги тууралуу билдирмелерди тараткан. Келишим түзүүдөн баш тарткандардын гараждары сүрдүрүлөрү айтылган.

Мэрия бул аракети менен тармакты иретке келтирүүнү каалап жатканын айтып ишендирген. Мындан тышкары, муниципалитет кооперативдер жер тилкелерин колдонуп жатканы үчүн мэрияга 73 млн сомдон ашык карызы бар экенин белгилеген.

«Ошол эле убакта гараж ээлеринин айтымында, алар мүчөлүк төлөмдөрдү өз убагында төлөп келишкен, бирок ал каражаттар шаардын бюджетине түшкөн эмес», — деген шаар бийлиги.

Ал эми гараж ээлери аларды мүлкүнөн ажыратууга аракет кылып жатышат дешүүдө. Кооперативдердин мүчөлөрү биригип, өз укуктарын коргоо кыймылын түзүшкөн.