Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков Таиланддын борбору Бангкокто өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кикбокс федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 60 килограммга чейинки салмакта лоу-кик дисциплинасы боюнча күч сынашты. Ал жалпы төрт беттеш өткөрдү.

Аманбеков алгач кореялык спортчуну жеңип, чейрек финалга чыккан. Андан соң казакстандык балбанды утуп, жарым финалда Ирактан келген спортчуну жеңип алган.

Финалык беттеш 17-декабрда болуп, кыргызстандык кикбоксчу жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды.

Аманбеков кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ошондой эле ал Азия жана Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү. Мындан сырткары, ушу-санда, кол күрөш жана таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпиону.