Ош: Пара опузалоо учурунда кармалган милициянын майору акчаны жутуп салган

Ош облусунда милициянын майору пара катары алган акчаны жутуп салып, эми өз ишин кошумча иликтөөгө жиберүүнү талап кылууда. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Алардын маалыматына ылайык, 2017-жылдын ноябрында ИИМдин ички иликтөө кызматына милициянын майорунун үстүнөн даттанып жергиликтүү тургун кайрылган. Тургун милициянын кызматкери андан унаасын айып короодон чыгаруу үчүн пара талап кылганын айтып берген. УКМК бул кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эртеси күнү күч кызматкерлери 100 доллар жана 13 миң сом алып жаткан жеринен Кадамжай районунун тергөөчүсү, милициянын майору Б.Н. атуу кишини кармашкан.

Иштин материалында майор «изин жашырып кетүүгө», ошондой эле далилдери жоготууга аракет кылганы айтылат. «Акча каражаттарын оозуна салып жутуп жиберген, ал эми тергөө амалдарын жүргүзүүдө жутуп жиберген акча каражаттарын кайра кусуп чыгарган».

Жалпы эсеп менен милиционер 1000 сомдун номиналдагы 13 купюра жана 100 долларлык бир купюра алган. Милиционер акчанын канчасын жутуп салганы белгисиз.

Айыпталуучу өзү сотто акчаны чын эле жутуп салганбы же жокпу эсинде жоктугун, себеби ал учурда нес абалда болгонун айткан. Ал күнөөсүн мойнуна албай, иликтөө мыйзам бузуу менен өткөнүн билдирген.

Кадамжай райондук жана Баткен облустук соттору милицонерди күнөөлүү деп таап, 898 миң сом айып салышкан. Бирок 2019-жылдын июлунда Жогорку сот мурдагы инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

2022-жылдын сентябрында райондук сот милиционердин ишин прокуратурага кошумча тергөөгө жөнөткөн, бирок кийин облустук сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти биринчи инстанцияга кайтарган.

Айыпталуучу Б.Н мындай чечимге наарызы болуп, Жогорку сотко арыз менен кайрылган, анда ал прокуратурага кошумча тергөө жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүнү сураган.