Балдары менен аскердик бөлүктө күн кечирип жаткан маркум чек арачынын жубайы бийликке кайрылды

Баткенде 14-17-сентябрдагы куралдуу жаңжалда курман болгон чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиева кайрылуу жасады. Видеону 19-декабрда «Турмуш» басылмасы жарыялады. Анда аял учурда Баткендеги аскердик бөлүктө балдары менен күн кечирип жатканын айтып, мамлекет тарабынан берилген батир маселесин чечип берүүнү суранды.

Лайлиеванын эки баласы бар, учурда 5 айлык кош бойлуу. Аялдын айтымында, чек арачыларга мамлекет тарабынан берилген үй анын кайын энесине катталып калган. Мындан улам ал балдары менен маркум жолдошу кызмат өтөгөн Баткендеги №2022 аскердик бөлүктө жашоого аргасыз болууда.

Аял балдарына да, өзүнө да аскердик бөлүктө күн кечирүү моралдык жактан кыйын болуп жатканын айтып, президент Садыр Жапаровдон жана УКМК башчысы Камчыбек Ташивден батир маселесин чечип берүүнү өтүндү.

«Башка бара турган жерим жок. Ал жерде форма кийгендерди көрүп, моралдык жактан кыйналып жатам. Бир эле мен эмес, балдарым да форма кийгендерден “атам кайда?” деп күндө сурайт. Балам сагынып, күндөн-күнгө ооруп жатат», — деди ал.

Лайлиева жолдошу каза болгон соң мамлекет тарабынан 100 миң сомдон башка жардам албаганын белгиледи. Ал Ниязов менен нике күбөлүгү болгонун, балдарынын да документтери бар экенин белгилеп, батир эмне үчүн кайын энесине берилгенин түшүнбөй жатканын айтат.

«Мыйзамды да көргөзүп айтышкан, биринчи үй-бүлөсүнө, бала-чакасына [мурас калат] деп айтылган болчу. Биздин нике күбөлүгүбүз бар. Балдарыбыздын да күбөлүгү бар. Кара кагаз менде болгондон кийин батирди эч кандай текшерүүсүз кайненемдин колуна беришкенин мен түшүнбөй калдым», — деди аял.

Тараптар эмне дейт?

Ал эми Мирлан Ниязовдун апасы «Турмушка» окуя боюнча комментарий берди. Анда ал «уулу Сатина Лайлиева менен экинчи никеде жашаганын» айтып, батирдин ага берилүүсүн «мыйзамдуу» деп эсептээрин билдирди.

Ошондой эле ал «Ниязовду жалгыз чоңойтконун, мындан сырткары неберелеринин бири учурда аны менен жашап жатканын» айтты. Аял үйдү «келечекте ошол небересине каттатып берерин» белгиледи.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынан «Клоопко» Ниязовдун үй-бүлөсүнө Ош шаарынан батир берилгенин тастыкташты. Бирок «Чек ара кызматы алардын үй-бүлөлүк маселесине аралаша албайт» деп билдиришти.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптаган. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 миллион сом деп бааланган.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

Ошондой эле Садыр Жапаров Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгон аскерлердин жакындарына 1,2 миллион сом кенемте жана батир берилерин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек арада курман болгон аскерлердин жакындарына 1,2 млн сом жана батир берилери айтылды