Чек арадагы жаңжал: Кыргыз тарапка келтирилген чыгым 3 млрд сомдон ашык деп бааланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында билдирди.

Жапаров бул сандар атайын комиссия берген болжолдуу маалымат экенин кошумчалады.

Анын айтымында, жаңжалдын кесепетинен 661 турак-жай талкаланган, алардын 423ү жашоого жараксыз абалда.

Ошондой эле административдик 11 мекеме, 27 социалдык объект жана 335 сарай бузулган. Аны менен катар, калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу үчүн колдонулган 197 имарат, 61 автоунаа жана 1 көпүрө талкаланган.

«Булардын бардыгын өзүм жөө кыдырып, көрүп келдим. 3 миллиард сомун бөлүп бердик. Башталган кундөн баштап эле эки вице-премьер-министр тең ошол жерде болду. Президент бул жерде болбогондуктан, мен Бишкекте болдум. 500 миллион сому жетти. Биринчи жолу губернаторлого акчаларын жеткирдик», — деди минкабдын төрагасы.

Буга чейин болжолдуу маалыматтар боюнча, куралдуу жаңжалдын кесепетинен Кыргызстан 1,5 млрд сом материалдык чыгымга учураганы кабарланган болчу.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжалдын кесепетинен 63 кыргыз жараны мерт кетти. Ошондой эле жабыркаган кыргызстандыктардын саны 206ны түздү.

Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 136 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Тема боюнча:

Баткен: Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган объекттердин тизмеси

Бир видео менен: Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган Лейлектин айылдары