Бермет Барыктабасова: Перизат Суранованын абалы начар, ооруканага которууну суранып жатат

Көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова ТИЗОдо ачкачылык жарыялаган активист Перизат Сурановадан кабар алып чыкты. Барыктабасованын айтымында, Суранованын абалы канааттандырарлык эмес, ал жарандык ооруканага которууну суранууда. Бул тууралуу эксперт Фейсбук барагында жазды.

Барыктабасова активист төшөктөн тура албай жатканын, дааратканага үч адамдын жардамы менен юарып жатканын билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, Суранова башы катуу ооруп, көзүнүн көрүүсү начарлап, уктай албай жатат.

«Суюктук иче албай көңүлү айланып, кусуп жатат. Ашказаны ооруп, ыңгайсыздык тартып жатат. Тилин ак басып кеткен. Невропатологдор жазып берген “Сибазон” реакция берип — дене-боюн башкаруусун жоготкон, “үстүңкү жана ылдыйкы муундары шал болгон сыяктуу — колу-бутун сезбей калган”, башы айланып, кыска убакытка эс-учун жоготуп жатат», — деп жазды дарыгер.

Анын айтымында, Сурановага акыркы эки суткада эки жолу тез жардам чакыртылган.

Барыктабасова активист камакка алынганына жана тагылган айыптарга каршы экенин билдирүү макксатында билип туруп тамак-аш, суусундук жана дары-дармек ичүүдөн баш тартып жатканын билдирди. Дарыгер активист абалы «белгисиз мүнөздөгү жугуштуу-сезгенүүчү патология жана өнөкөт оорулар» менен курчуп кетиши мүмкүндүгүнө карабастан ачкачылыкты токтотуудан баш тартып жатканын айтты.

«Жарандык ооруканага жаткырып, андан ары байкап турууну суранды. Көрсөтмөлөр боюнча заара ушатуу системасын жана башка органдарын кошумча текшерүүдөн өткөрүү сунушталды», — деди Барыктабасова.

Анткен менен Жазаларды аткаруу кызматынан Суранованын абалы боюнча комментарий бере албай жатышат.

Буга чейин парламенттин экс-депутаты Наталья Никитенко Суранованы тез арада оорукагана которууну суранып, Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген. Ал активисттин абалын оор деп атаган.

Укук коргоочу Эркина Мукаш да Суранова менен бир камерада отурган аялдарга таянып, активисттин заарасынан кан аныкталганын, ал өз алдынча баса албай жатканын жазган.

Жаза аткаруу кызматынан Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын абалы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Саясий ачкачылык

Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартова соттун аларды 20-февралга чейин ТИЗОдо калтыруу чечимине нааразылык билдирип саясий ачкачылык жарыялашкан. Алар ачкачылыкты 14-декабрда башташкан. Кийинчерээк ачкачылыкка Кемпир-Абад иши боюнча фигуранттардын 10дон ашыгы кошулган.

Алардын баары ТИЗОдон бошотууну жана аларга карата массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишин токтотууну талап кылышууда. Айыпталып жаткандардын баары бул ишти токулган жана жасалмаланган деп аташууда.

Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочулар октябрдын аягында кармалган. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.


Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп айткан.