Абдирасулова: Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялады

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бирок Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз борборунан «Клоопко» расмий 11 адам ачкачылык жарыялаганын айтышты.

15-декабрга караган түнү акыйкатчы Атыр Абдрахматова ведомствонун кызматкерлери кармалгандардын ар бири менен жолугуп, ачкачылык жарыялагандардын так санын такташарын билдирген.

Абдирасулованын айтымында, акцияга УКМКнын экс-башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Улукбек Маматаев, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев, активисттер Али Шабдан, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов, Чыңгыз Капаров жана Марат Баязов, блогерлер Атай Бейшенбек жана Эрлан Бекчороев, саясатчцы Жеңиш Молдокматов, экс-депутат Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова, активист Перизат Суранова, укук коргоочу Рита Карасартова жана журналист Айданбек Акматов.

«ТИЗО-1деги төрт адам, нааразылык акциясына катышуудан карманды. Алар ар кандай оорулар менен жабыркайт, ошого байланыштуу аларга ачкачылык кармоого болбойт», — деди Абдирасулова.

Ошондой эле ал ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчилик жеке президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, андан сырткары тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана судьяларга жүктөлгөнүн кошумчалады.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы сындарга байланыштуу кармоолор

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алган. Ошол эле күнү 22 кишини кармап кеткен, кийинчерээк алардын саны 27ге жеткен (экс-депутат Канат Исаев гана башка иш боюнча кармалган).

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кийинчерээк кармалгандардын дээрлик бардыгынын ТИЗОдогу мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп айткан.