Кадыракун Нурмаматов Антарктидадагы эң бийик чокуну багындырган биринчи кыргызстандык болду

Кадыракун Нурмаматов Антарктидадагы эң бийик тоо — Винсон массивинин чокусун багындырган биринчи кыргызстандык болуп калды. Бул тууралуу «Клуб 7 вершин» альпинисттик клубунан билдиришти.

Кадыракун Нурмаматов сол жактан биринчи. Сүрөт: «Клуб 7 вершин» альпинисттик клубу.

«Бул Кыргызстан үчүн рекорд! Жолдошубуз Кадыр чокудан чокуга ийгиликтүү чыгып жатат: Эльбрус, Килиманжаро, Аконкагуа, Денали эми болсо Винсон. Кыргыздардын ичинен биринчи болуп [бул чокуга чыкты]! Антарктиданын эң бийик чокусу — “Жети чоку” программасын жыйынтыктоонун жаңы кадамы. Тоолор менен куттуктайбыз! Спортчу, ийгиликтүү бизнесмен, Кыргызстандын альпинизм федерациясынын вице-президенти. Кадыр биринчи улуттук гималай экспедициясынын жетекчиси болгон, бул экспедиция Манаслу чокусуна көтөрүлгөн», — деп жазышты клубдан.

Альпинист Александр Абрамов Винсон чокусуна чыккан команданын ичинде Кыргызстандын, Индиянын, Болгариянын, Беларустун жана Орусиянын өкүлдөрү болгонун айтты.

«Бүт команда бир муштумдай бирикти. Бул элдердин чыныгы достугу. Баары бири-бирине жардам берип, бирге тынчсызданып, бирге кубанышты. Мыкты команда. Биз шамал менен күрөшүп, учуп бараткан чатырларды токтотуп калып, жүктөрдү чогуу ташып, тоңуп катып калган манжаларыбызды сүрөткө тарттык. Бирок жыйынтык мыкты болду, команда толук бойдон Антарктиданын эң бийик чокусунда — Винсон массивинде [чогуу] турду!» — деп жазды ал.

Анын айтымында, Винсон массивине биринчилерден болуп Кадыр Нурмаматов жана индиялык жашы улгайган альпинист Шарад Кулкари чыгышкан.

«Винсон массивине чыккан экинчи индус — Анвита Падамати. Калган катышуучулар да эки гиддин — мен жана Артём Ростовцевдин коштоосунда көтөрүлүштү», — деп жазды ал.