Депутат мугалимдерди кошумча жумушка тарткандарды жазалоону сунуштады

Парламенттин депутаты Бахридин Шабазов мугалимдерге өз ишинен тышкары жумуштарды жүктөгөндөрдү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады. Депутаттын бул кайрылуусу интернет булактарына тарады.

Шабазов Өзбекстандын президенттик администрациясынын тармактык секторунун башчысынын орун басары, өзбек президентинин кызы Саида Мирзиёеванын дал ушундай демилгени көтөрүп чыкканын айтты. Ал демилгени колдоорун жана муну Кыргызстанга дагы алып келүү зарыл деп эсептээрин айтты.

«Мугалим бул акимдердин кулу же иш-чараларда массовка эмес, мугалим бул кадыр-барк экенин эскертким келет. Алар шайлоодо кимге добуш бергиси келгенин айылдык, шаардык дегеле жалпы өлкөнүн администрациясынын чоңдорунан коркуп айта да албайт», — деди ал.

Депутат педагогдорго болушуп, аларды «кемсинткен», өз ишине тиешеси жок болгон жумуштарды жок кылуу керек деп белгиледи.

«Коомчулуктун өнүгүүсүндө мугалимдин ролу өтө маанилүү: алар билим башаты, кийинке муунга билим-илим тараткан адамдар. Мугалим бул оор кесиптердин бири. Алар ар бир адамдын жашоосунда чоң рол ойношот. Жөн гана сабак окутуп койбостон, адамдарга жашоодо туура багыт бергенге жардам беришет», — деди ал.

Бардык кыргыз президенттердин жакшы көргөн убадасы — бул таза шайлоо өткөрүү. Бирок Кыргызстанда шайлоо процесси бир канча мыйзамдарды бузуу менен өтөт.

Жетекчиликтин басымына эң көп мектепте иштегендер кабылат. Парламенттик жана президенттик шайлоолордо башка мамлекеттик кызматкерлердей эле, мугалимдерди да белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлап келишет. Болбосо аларды жумуштан кетиребиз деп коркутушат. Ошондой эле мугалимдерди үгүт иштерине аралаштырган учурлап көп кездешет.