«Керемет Банктын» төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев 18-февралга чейин камакка алынды

«Керемет банктын» жетекчисинин орун басары Максат Дадыбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Октябрь райондук соту 22-декбарда билдирди.

Башкы прокуратура 17-декбарда «Керемет Банкынын» төрт кызматкерин «кылмыштуу кирешени менчиктештирүү, документтерди жасалмалоо жана алдамчылыкка» шектеп кармаган. Алардын арасында бактын жетекчисинин орун басары Максат Дадыбаев дагы бар экени кабарланган.

Ал «Керемет Банктын» төрагасынын орун басары болуп өткөн жылдын декабрынан баштап иштеп баштаган.

Дадыбаев эл аралык юрист катары белгилүү. Ал 2005-жылдан бери УКМКда иштеп, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ошондой эле ал 15 жылдан ашык өлкөдөгү коммерциялык, мамлекеттик жана эл аралык уюмдары менен улуттук коопсуздук жаатында иштеп, бизнес жүргүзүүнүн укуктук аспектилери боюнча эксперт катары да белгилүү.

Автору: Насикат Жыргалбекова