Депутаттар советтик репрессиянын курмандыктарын актоону сунуштады

Репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик. Сүрөт: КТРК

Жогорку Кеңеш советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун 22-декабрда коомдук талкууга койду.

Мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо демилгелеген.

Аталган долбоор 1918-1953-жылдары «саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган жарандарды актоого» багытталган.

«Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо маселелерин мыйзамдуу жөнгө салууга багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укуктук жактан зомбулукка дуушар болгон жана саясий репрессиянын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет», — дешет демилгечилер.

Долбоордун негиздеме-маалымкатында бул мыйзам «сталиндик репрессиянын чыныгы себеби жана масштабы жөнүндө объективдүү баа берүүгө, коомго маалымдоого, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, туура саясий жана укуктук тыянак чыгарууга, келечекте сабак алууга мүмкүндүк ачат» деп жазылган.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса парламент «саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча» комиссия түзөт. Ал Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтуна караштуу болот.

Комиссияга бейөкмөт укук коргоочу уюмдардан беш өкүл, совет мезгилиндеги тарыхты изилдеген үч илимпоз, Акыйкатчы институтунан, укук коргоо органдарынан жана Мамлекеттик архивден бирден кызматкер кошулат.

Маалыматта ушул эле максатта 1994-жылы да мыйзам кабыл алынганы белгиленген. Бирок ал алты ирет өзгөртүлүп, «жеткиликтүү тактыкка ээ эмес аныктамалар жана ченемдер камтылганына байланыштуу максатка жетүүгө толук кандуу көмөк бербейт» деп айтылат.

Сталиндик репрессиялар

Иосиф Сталин Советтер Союзун 1922-жылдан 1953-жылга чейин башкарып, анын башкаруусу жыл сайын өкүмчүл болуп турган.

Сталин башкарып турган учурда Советтер Союзунда өлкөнүн тарыхындагы калктын эң массалык репрессиялары болгон. Сталиндин башкаруу мезгилинде канча адам атылганын же лагерлер менен түрмөлөрдө канча адам каза тапканын бүгүнкү күнгө чейин расмий белгилүү эмес.

Репрессияларда 700 миңге чукул адам набыт болгон деп расмий айтылат, бирок бир катар тарыхчылар курман болгондор мындан да көп, бир жарым миллиондой болгон деп айтып жүрүшөт.

Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Өлүм жазасына тартуу тууралуу буйруктарга Сталин өзү кол койгон. Кыргызстанда анын репрессиясы учурунда 137 адам атууга кеткени документ түрүндө тастыкталган. Атууга кеткендердин арасында Касым Тыныстанов, мамлекеттик ишмерлер Төрөкул Айтматов жана Жусуп Абдрахманов бар.

Алардан тышкары Кыргыз ССРиндеги миңдеген адам репрессияга кабылып, ар кандай кылмыштарга айыпталып, түзөтүү-эмгек лагерине жөнөтүлгөн жана сүргүнгө айдалган.