Жалал-Абад: Мурдагы аялын «эс-учун жоготкончо» сабаган киши 3 жылга кесилди

22-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту мурдагы аялына зомбулук көрсөткөн 29 жаштагы кишини үч жылга кести. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, аял жолдошу менен 2019-жылы эле эки башка жолго түшүп, үстүбүздөгү жылдын 1-августунда расмий түрдө ажырашкан. Ал эми 3-августта айыпталуучу аялды көчөдөн кармап алып сабаган. Жабырлануучу эс учун жоготуп, мурдагы жолдошу үйүнө сүйрөп барганда эсине келген.

Чыр үйдөн да уланып, аял кошуналарынан тез жардам чакырууну суранган — мурдагы жолдошу качып кеткен. Тез жардам кеткен соң айыпталуучу кайра келип, терезенин торун чечип, батирге кирип барган.

«Чөнтөгүнөн лезвия алып чыгып, “мени менен гана жашайсың” деп коркуткан. Телефону сынып, эч жакка чалууга мүмкүнчүлүгү жок аял, таң атканча зөөкүрдүн жанында болгон. Ал өзүнөн тышкары, үйдөгү жашы жете элек үч баласынын өмүрү жана ден соолугу үчүн корккон», — деп айтылат укук коргоочу уюмдун маалыматында.

Жалал-Абаддагы укук коргоо уюму сотто жабырлануучунун кызыкчылыгын алардын жактоочусу коргогонун кошумчалашты.

Ал эми мурдагы жубайына зомбулук көрсөткөн кишинин үч жылга кесилгенин «Клоопко» Жалал-Абад облустук сотунан тастыкташты. Ошондой эле ага 50 миң сом айып салынганын белгилешти.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Кыргызстанда жыл башынан бери он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 20га жакын аял каза тапкан.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Автору: Каным Кыдырова

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Кыргызстанда он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапты

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү