Өзбекстан короткон электр энергияны Кыргызстанга 2023-жылы кайтарып берет

Өзбекстан короткон электр энергияны Кыргызстанга 2023-жылы кайтарып берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Өзбекстан Түркмөнстандан келишимдик негизде сатылып алынган электр энергияны транзиттик негизде Кыргызстанга жеткирүүнү улантат.

«Эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин жана энергетикалык компаниялардын ортосундагы кызматташтык өз ара түшүнүшүү жана энергосистемадагы иштерди макулдашып алып иштетүү принциптеринин негизинде ишке ашырылат», — деп билдиришти министрликтен.

Декабрдын башында Өзбектан Кыргызстан сатып алган түркмөн электр энергиясын короткону, бирок кийин кайра кайтарары белгилүү болгон.

Анда өзбек тарап өлкө боюнча электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн кыргыз тараптын электр энергиясын пайдаланууга аргасыз болду деп түшүндүргөн.

Өзбекстанда акыркы бир нече жылда газ жана электр энергиясы өтө тартыш болууда. Бийлик газды чет өлкөгө сатууга толугу менен тыюу салган. Анткени газын жада калса өндүрүш тармактарынан алып турак жайларга жумшоого туура келүүдө. Мындан тышкары, айрым аймактарда газ куюучу бекеттер да жабылган.

Ошондой эле, «газ жана электр энергиясына байланыштуу мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн» бир катар энергетикалык ишканалардын жетекчилери кармалган. Ал эми президент Шавхат Мирзиёев «кышка даярдык үзгүлтүккө учурагыны» үчүн өкмөт мүчөлөрү менен энергокомпаниялардын башчыларына сөгүш жарыялаган.

Украинадагы согуштун шартында өзбек бийлиги газ маселеси боюнча Орусия менен кызматташуудан баш тартып жаткан болчу. Бирок акыркы жолу Бишкекте өткөн ЕАЭБдин саммитинде Орусия президенти Владимир Путин Ташкен жана Астана менен газ тармагындагы кызматташууга старт берген. Ошол эле кезде өзбек тараптан буга байланыштуу төгүндөөлөр боло элек.