«Эне жүрөгү чыдабайт экен». Клара Сооронкулованын үй-бүлөсү кызын бошотууну талап кылды

Конституциялык соттун экс-мүчөсү Клара Сооронкулова Кемпир-Абад ишинин башка фигуранттары сыяктуу эле 20-февралга чейин камакта калтырылды. Айыпталуучулардын өздөрү, алардын үй-бүлө мүчөлөрү тергөө амалдары жүргүзүлбөгөндөн кийин аларды камакта калтыруунун кажети жок болчу экенин айтышууда.

Сооронкулованын үй-бүлөсү бийликти адилетсиздикке айыптап, кызын бошотууну талап кылды.

«Эненин жүрөгү чыдабайт экен. Бизге оңой бекен баланын түйшүгүн тартып, карандай камалып атканы? [...] Кандай адилетсиз заман, кандай адилетсиз, акыйкатсыз бийлик бул? Камасы күнөөсүн моюндарына коюп, сага ушул тиешелүү деп, тиешелүү жазасын берсин, эч кимдин каршылыгы жок. Анан карандай эле камашканы үчүн Ак үйдүн алдына барып асынып өлөйүн деп дагы ойлодум. [...] Бийликке нааразымын. Адилеттүү иш кылсын», — деди Сооронкулованын апасы Гүлийпа Сүйүнбаева.