Декларация-2021: Башкы прокурордун кыймылсыз мүлкү жок, бирок 3,6 млн сомдук жылкысы бар

Башкы прокурор Курманкул Зулушев салык декларациясында 2021-жылы 1 млн 88 миң сом киреше тапканын көрсөткөн.

Документке ылайык, Зулушевдин Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаасы, 105 миң сомдук техника жана эмереги, 250 миң сомдук ири мүйүздүү малы жана 3 млн 600 миң сомдук жылкысы бар.

Зулушев декларациясында жакын туугандары 2021-жылы 300 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошондой эле алардын 119 жана 213,7 гектар жери, 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жери бар.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев салык декларациясында 2021-жылы 1 млн 88 миң сом киреше тапканын көрсөттү.

Документке ылайык, Зулушевдин Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаасы, 105 миң сомдук техника жана эмереги, 250 миң сомдук ири мүйүздүү малы жана 3 млн 600 миң сомдук жылкысы бар.

Зулушев декларациясында жакын туугандары 2021-жылы 300 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошондой эле алардын 119 жана 213,7 гектар жери, 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жери бар.

2020-жылга карата тапшырган декларация боюнча, Зулушев 750 миң сомдон ашык киреше тапкан. Ал кездеги депутаттын кыймылсыз мүлкү жок болчу.

2020-жылдагы декларацияда азыркы башкы прокурор унаасы, эмерек жана уюштуруу техникалары, ири мүйүздүү малдары жана жылкылары бар экенин айткан. Курманкул Зулушевдин туугандарынын 2020-жылдагы кирешеси 250 миң сомду, ал эми чыгымдары — 4 млн 900 сомду түзгөн.

Зулушев деген ким?

Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Ошол эле жылы Зулушев бийликти күч менен басып алууга шектелген Камчыбек Ташиевдин ишин караган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Зулушевди жана судья Медербек Сатыевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан бошоткон.

Ал учурда Зулушев жана Сатыев «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго актоо өкүмүн чыгарган соттор коллегиясынын курамында болгон. «Ата-Журттун» үч депутатына бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айып тагылган — Ташиев «Кумтөр» алтын кени боюнча нааразычылык акциясында Ак үйдүн тосмосун ашып түшүүгө аракет кылган.

2015-жылы Зулушев «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Бирок ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон.

2018-жылы Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешкен — депутаттар «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзамы өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешкен.

Бул мыйзам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга негиз болгон. Көп өтпөй Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, экс-президент макамынан ажыратылган.

2020-жылдын октябрында ошол кездеги премьер-министрдин жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Зулушевди башкы прокурор кылып дайындаган.

2020-жылы Зулушев, тапшырган декларациясына ылайык, 750 миң сомдон ашык киреше тапкан. Ал убактагы депутаттын кыймылсыз мүлкү да жок болчу.