Салык кызматы Ташиевдин декларациясын иши жашыруун болгондуктан жарыялаган жок

Салык кызматы Министрлер кабинетинин төргагасынын орун басары жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин декларациясын анын ишмердүүлүгү жашыруун болгондуктан жарыялаган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматына таянып 24.kg билдирди.

«Камчыбек Ташиев чындап эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп эсептелет. Бирок анын башка да кызматы бар — УКМКнын башчысы, ошондуктан декларациясын жарыялай албайбыз. Атайын кызматтын башчыларынын кирешелери жана мүлктөрү тууралуу өткөн жылдары деле жарыяланган эмес», — деп айтышты УКМКдан.

УКМКнын кызматкерлеринин жана ушул мекеменин башчыларынын декларациялары Салык кодексинин ченемдерине ылайык жарыяланбайт.

2019-жылдын майында Салык кызматындагылар УКМКнын кызматкерлери киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырат, бирок ал маалыматтын баары мамкомитетте сакталат деп айтышкан.

Акыркы жолу атайын кызматтын жетекчилеринин декларациялары 2017-жылы жарыяланган. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев 2016-жылы 327 миң сом киреше тапканы, менчигинде чоң үй жана жер участогу бар экени көрсөтүлгөн.

Ташиев декларацияны акыркы жолу 2013-жылы, «Ата-Журт» партиясынын депутаты кезинде тапшырган. Анда жылдык кирешеси 856 миң сомду түзгөн, ал эми менчигинде болгону 0,15 гектар жер тилкеси көрсөтүлгөн.

Дагы окуңуз:

УКМК кызматкерлеринин сырдуу маянасы. Алиментти сот эмес мекеме өзү аныктайт