Кочкор: Аксакалдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 100 гектардан ашык жерди мыйзамсыз басып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 6-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-январында Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү атайын кызматка арыз менен кайрылган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жер тилкесин басып алып, аларды күч колдонуп коркутканын айтып беришкен.

Териштирүү учурунда шектүү Кочкордон 100 гектардан ашык жер тилкесин жеке жактарга кайра сатуу максатында өзүм билемдик менен менчиктеп алганы аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызматтан шектүү буга чейин Кочкор РИИБнин жетекчилиги жаап-жашырган, кафенин ээсин коркутуп акча талап кылган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экенин белгилешти.

26-декабрда бул ишке байланыштуу Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланган болчу.

Автору: Насикат Жыргалбекова

Тема боюнча:

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды