Бишкек: 7-троллейбустун каттамы өзгөрүп, 9-троллейбустун каттамы эки айга токтотулду

Сүрөт: Жоомарт Ураимов / Sputnik

Бишкектеги канализациялык курулуш иштеринен улам 7-троллейбустун каттамы өзгөрүп, 9-троллейбустун каттамы эки айга токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 6-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, канализациялык курулуш жана оңдоп-түзөө иштери «Бишкек шаарын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

Ага ылайык, Красный көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта жана Асаналиев көчөсүндө курулуш иштери жүргүзүлөт. Ошол себептен 7-троллейбус Лев Толстой көчөсү менен каттай турган болду.

Миллион калктуу Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги бир топ жылдан бери эле маселе жаратып келет.

Бүгүнкү күнү борбор калаада шаардык транспорттун беш түрү каттайт: жеке менчик маршруткалар, мэриянын карамагында иштеген маршруткалар, муниципалдык автобустар жана троллейбустар, «Шыдыр Жол Кей Джи» жана «Эко пассажирские перевозки» фирмаларынын жеке менчик автобустары.

Троллейбустар — расмий маалыматтарга таянсак, саны көбөйүп жаткан жалгыз муниципалдык транспорт. 2018-жылы каттамга болгону 100 троллейбус чыккан болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 130га жетип калды. Бирок азырынча мэрия жаңы троллейбустарды сатып алууну пландаштыра элек, анткени жаңы чубалгыларды тартуу газ менен жүргөн автобустарды сатып алууга караганда кымбатка турат.

Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин айтымында, учурда шаар боюнча бардык түрдөгү коомдук транспорттун 1 900 даанасы каттамга чыгат, а бирок талап боюнча, алардын саны 2400 болушу керек.

Коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн Бишкек мэриясы бир нече ирет жаңы автобустарды сатып алган, бирок алар дагы эле жетишсиз болууда.

Автору: Айпери Акылбек кызы

Тема боюнча:

Мэрия: Бишкекте 300дөн ашуун автобус жараксыз абалда, каттамга 85и гана чыгууда

Бишкекте коомдук транспорттордун жол акысын көтөрүүнү каалап жатышат