Орусия: Мигранттардын макамын жасалма нике аркылуу мыйзамдаштырууга чектөө коюлушу мүмкүн

Орусиянын ИИМи мигранттардын жасалма никеге туруу аркылуу уруксат документин алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ТАСС басылмасы министрликтин өкүлү Ирина Волкко таянып жазды.

Волктун айтымында, чектөөлөр жасалма түрдө ата наамын колдонуу менен документ алууга да таасирин тийгизет.

Ал 2022-жылдын 11 айында сот 400гө чукул чет элдиктердин орусиялыктар менен турган никесин жараксыз деп тапкандыктан уруксат документтери жокко чыгарылганын белгиледи.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүктөр жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, эгер орусиялык аял же эркек менен үч жылдан кем эмес никеде турган болсо, орус жарандыгын ала алат. Эгер алардын балдары бар болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт эске алынбайт.

2022-жылдын октябрында Орусиянын ИИМине караштуу миграция боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Валентина Казакова жыл башынан бери чет элдиктердин жасалма түрдө каттоого турганы боюнча 660 миң факты катталганын билдирген. Анын айтымында, жасалма никеге туруунун саны 220ны түзгөн.

Орус ИИМинин өкүлдөрү буга чейин эле чет элдиктердин жасалма нике каттатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү аракети көрүлүп жатканын билдиришкен. Укук коргоо органдары мындай мыйзам бузууларды миграция чөйрөсүндө «коркунуч жаратуучу факторлордун» бири деп аташкан.