«Кыйрабастык пункту». Украинанын Буча шаарына казак боз үйү тигилди

Украинанын Буча шаарына «кыйрабастык пункту» деп аталган казак боз үйү тигилди. Ал жерде жашоочулар электр энергиясы өчүп калганда жылынып, уюлдук телефонун кубаттай алышат. Бул тууралуу украиналык депутат Сергей Нагорняк фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, казак ишкерлери жана Украинадагы казак диаспорасынын өкүлдөрү боз үйдү Казакстандан сатып келишкен. Депутат Украинада агробизнес менен алектенген Kusto Group компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Даулет Нуржанов тууралуу кеп кылды.

«3000 километрден ашык жол, дээрлик үч жумада Украинага кетишти! Казак диаспорасына жана Бучанск шаардык кеңешине жардам бергени жана ачылышына көмөктөшкөнү үчүн рахмат! […] Кийинки кезек — Киевде!» — деп жазды Нагорняк.

Саясатчы буга чейин «Казакстандык достору» медициналык мекемелерге 41 генератор жана алты боз үй сатып беришкенин, аларды Киев, Харьков, Одесса жана башка шаарларга да орнотууну пландап жатышканын жазган.

«Кыйрабастык пункттары» Украинада 22-ноябрдан тарта ачыла баштаган. Жергиликтүү тургундар электр жарыгы өчкөндө атайын уюштурулган чатырларга кирип жылынып, телефондорун кубаттай алышат.

Украинадагы электр тармактарына багытталган Орусиянын ракеталык соккуларынын кесепетинен көп учурда шаарларда электр жарыгы өчүп, аны калыбына келтирүүгө бир нече саат керектелет.

Украин бийлигинин жана журналисттик иликтөөлөрдөгү маалыматка ылайык, Буча Орусиянын курчоосунда турган февраль-март айларында шаарда 450дөн ашык жай тургун набыт болгон. Өлтүрүү талап-тоноо, уурдоо жана кыйноолор менен коштолгон. Шаар тургундарынын орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнү боюнча катталган далилдер да бар. Бирок Орусия Буча шаарында аскерлери жай тургундарды өлтүргөнүн четке кагууда.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Бучадагы окуяны «адамзатка каршы кылмыш» деп атаган.

Казакстандын бийлиги Орусиянын Украинаны бастырып киргенин расмий түрдө айыптаган жок, бирок алар Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын жана Орусия каратып алган аймактарды тааныбай турганын билдирген. Ошондой эле, казакстандык ыктыярчылар жана казак өкмөтү Украинага гуманитардык жардам жөнөтүшкөн.

Орусия дээрлик 9 айдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында кол салган.

БУУнун 27-декабрга карата маалыматына ылайык, Украинада кеминде 6 884 жай тургун каза болду. Дагы 11 миң киши жарадар болду. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.

Бир нече мамлекет, анын ичинде Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды.