Күтүлүп жаткан сууктан улам мектеп окуучуларынын эс алуусу 16-январга чейин узартылды

Билим берүү министрлиги окуучулардын кышкы каникулун 11-январдан-16-январга чейин узартты. Маалыматты «Клоопко» мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Мындай чечимди министрлик күтүлүп жаткан өзгөчө суук аба ырайына байланыштуу кабыл алды. Мисалы, 12-январда Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүз -20°C чейин болушу күтүлүүдө.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги мектеп окуучуларын онлайн - режиминде окуутуну сунуштаган, бирок Билим берүү министрлиги ортодогу үч күнгө онлайн окуу киргизүү натыйжа бербей турганын белгилеген.

Мындай чечим бала-бакчалар, колледж жана ЖОЖдорго тийиштүү эмес. Мекемеден бала-бакчалар боюнча чечим жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалга жараша санитардык көзөмөл органдары тарабынан кабыл алынат деп түшүндүрдү.

2022-жылдын аягында Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйгөн. Көпчүлүк бейтаптар 14 жашка чейинки жаш балдар болгон. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, 9-январга карата, сутка ичинде курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен 507 учур катталды. Журналисттер Бишкектеги ооруканаларда чоң кезек болуп жатканын жазышты.

Буга чейин сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция күчүп жаткан шарт, өлкөдөгү бардык мектептер 16-24-декабрга чейин карантинге жабылып, окуучулар онлайн окууга жөнөтүлгөн болчу.