Кыздарын тыйып коюшпайбы — Жапаров абактагы аялдардын энелеринин кайрылуусу тууралуу

17-декабарда президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агентигине Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткан аялдардын энелеринин кайрылуусу боюнча пикирин билдирди.

Өлкө башчысы абактагы аялдарды «мен камаган жокмун» деп белгилеп, бул маселе күч органдарынын милдети экенин айтты.

«Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп жатышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Мыйзамдар иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз», — деди ал.

Жапаров ага кайрылган энелер тууралуу «кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле» деген пикирин айтты.

«Мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: "Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!" деп тыйып коюшпайбы. [...] Ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да», – деди ал.

Ошондой эле Жапаров азыр абакта жаткан аялдардын оозунан «эки жалдан бери "ак ит кирип, кара ит чыгып жатканын» белгилеп, аларга «теңелбегенин» айтты.

«Мен үндөбөдүм. Көңүл да бурбадым. Же эки жыл ичинде менин бир жолу каяша айтканымды уктуңарбы? Жок. Мындан ары да көңүл бурбайм», — деп кошумчалады ал.

Абактан ачкачылык жарыялагандар

Биринчи май райондук соту 13-декабрда Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган Орозайым Нарматова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартованы 20-февралга чейин камакта калтырган.

Ошол эле күнү кармалгандар ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Аларга 20-февралга чейин камакта калтырылган экс-депутат Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жана активист Улукбек Маматаев да кошулган.

Кийинчерээк укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялаганын айткан. Ал төрт адам ден соолугуна байланыштуу нааразылык акциясына катышуудан карманганын белгилеген.

Абдирасулова ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчилик жеке президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, андан сырткары тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана судьяларга жүктөлгөнүн кошумчалаган.

Кемпир-Абадка байланыштуу кармоолор

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алган. Ошол эле күнү 22 кишини кармап кеткен, кийинчерээк алардын саны 27ге жеткен (экс-депутат Канат Исаев гана башка иш боюнча кармалган).

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кийинчерээк кармалгандардын дээрлик бардыгынын ТИЗОдогу мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп айткан.