«Кыргызкөмүр»: Мындан ары 4000 сомдук көмүр паспорт менен сатылат

Иллюстративдик сүрөт:  Economist басылмасы

10-январдан тарта паспорт аркылуу, жашаган дарегин көрсөтүү менен каттоого туруп көмүрдү 4000 сомдон сатып алууга болот. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, бир кишиге 2 тоннага чейин гана көмүр сатылат. Ал эми жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына сатылбайт.

«Акыркы күндөрү ортомчулар “Кыргызкөмүр” алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5000 сомдон ашырып сатып жатканы жашыруун эмес. Биздин ишкананын максаты, чыныгы көмүргө муктаж жөнөкөй тургундарды арзан баада көмүр менен камсыздоо», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Министрлер кабинети энергетикалык тармакты колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алганы маалым болгон. Аталган каражат көмүр, газ жана Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоого жумшалат.

Кыргызстан жылына 2,5 млн тонна көмүр жагат. Көмүрдүн негизги бөлүгү Кара-кече көмүр кенинен казылат. Бишкек шаарынын ЖЭБи жылына 1 млн 140 миң тонна көмүр жагат, анын 680 тоннасы Кара-Кечеден жеткирилет.


ТЕМА БОЮНЧА:

Минкаб көмүр, газ жана электр энергиясын сатып алууга 25 млн доллар кредит алып жатат

Cүлүктү: Жергиликтүү ишкерлер көмүрдү автотранспорт менен сыртка ташууга тыюу салган токтомго нааразы