Милиция Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кара-Кечедеги айдоочулар. Сүрөт: Нарын ОИИБи.

Нарын облусундагы милиция кызматкерлери Жумгал району аркылуу көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын кайгуул кызматы унаанын техникалык абалын жана жарыктандыруусун текшерүүдө. Ошондой эле айдоочуларга чарчаган абалда узак жолго чыкпоо, ылдамдыкты жана жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милициядан түшүндүрүү иштери Кара-Кечеден көмүр ташуу мезгили аяктаганга чейин уланарын кошумчалашты.

Буга чейин, 5-январда Нарындын Кочкор районунда оор жүк ташыган унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү издеп, «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармаган. Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кара-Кече — Кыргызстандагы эң ири кендеринин бири. Андагы көмүрдүн кору 400 млн тонна деп бааланат. Кендин аймагында көмүрдү үч компания казат — «Шарбон», «Ак-Жол» жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филилалы. Алар көмүр менен Бишкек шаарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Нарын облустарын камсыз кылышат.

Кыргызстан жылына 2,5 млн тонна көмүр жагат. Көмүрдүн негизги бөлүгү Кара-кече көмүр кенинен казылат. Бишкек шаарынын ЖЭБи жылына 1 млн 140 миң тонна көмүр жагат, анын 680 тоннасы Кара-Кечеден жеткирилет.

Тема боюнча:

Бир видео менен: Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды