Cүлүктү: Жергиликтүү ишкерлер көмүрдү автотранспорт менен сыртка ташууга тыюу салган токтомго нааразы

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы ишкерлер көмүрдү автотранспорт менен сыртка ташууга коюлган убактылуу чектөөнү алып салууну суранышууда. Алар «Клоопко» берген маегинде көмүрдү чет өлкөгө сатып үй-бүлө багып келгенин айтышып, чектөөлөрдөн улам анын баасы түшүп кеткенин белгилешти. Ал эми бийлик элди арзандатылган көмүр менен камсыздоо үчүн мындай чектөө киргенин белгилейт.

Эмне болгон чектөө?

Ушул жылдын 24-октябрында министрлер кабинети «Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө» токтом чыгарган. Ага ылайык, көмүрдү өлкө аймагынан автотранспорт менен ташып чыгууга кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Иркештам автожолу» жана «Торугарт автожолу» өткөрүү пункттарын кошпогондо алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынган.

Жергиликтүү бийликтен аталган чектөө элди кышка даярдоо үчүн көмүрдүн кымбаттап кетишинин алдын алуу максатында киргизилгенин белгилешти.

Ишкерлердин нааразычылыгы

Аталган шаарда шахта иштетип, көмүр ташыган ишкерлер көмүрдү автоунаа менен ташып экспорттоого тыюу салынган соң анын баасы тең жарымына кыскарып кеткенин айтышууда.

Алардын бири Замирбек Мурзали уулу ишкерлер сентябрь айындагы куралдуу жаңжалда элге жана жергиликтүү бийликке кол кабыш кылганын белгилеп өттү. Ал көмүр менен иштегендер дээрлик бир жылдык кирешесин элге жумшаган соң чек ара жабылып калганына нааразы болду.

Ал эми «Сүлүктү айдоочулар» ассоциациясынын төрагасы Газбек Марасилов «Клоопко» берген маегинде чектөөлөр ишкерлерден сырткары айдоочуларга, шахта кызматкерлерине жана тургундарга таасирин тийгизгенин белгиледи.

«Сүлүктүнүн караганы эле ошол көмүр. Бизде башка өндүрүштүк завод, фабрикалар жок. Башка жумуш орундар жок. Керек болсо биздин Сүлүктүдө 0,1 соток үлүш жерибиз да жок. Биздин он эки ай караганыбыз эле ошол. Биздин балдарыбыз, инилерибиз баары ошол шахтада иштейт. Чектөөлөр өтө оор таасирин тийгизди, өтө көйгөй болду», — деди ал.

Марасилов жергиликтүү ишкерлердин эң күткөнү — «үч айлык мезгил болчу» дейт.

«Жазда, жайда бул Сүлүктүнүн көмүрүнө эч ким карап да койбойт. Эч кимге кереги жок. Элдин ырыскысын ушул көмүр менен берген экен. Көмүрдү Өзбекстанга ташып, сатып, тиричилик кылып турат элек. Азыр кыймылыбыз токтоп калды», — деди ал.

Ишкерлер бийлик токтомду жокко чыгарып, чек араны ачып берсе дешет.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов «Клоопко» аталган маселеден кабары бар экенин билдирди. Ал чектөөнүн максаты — жергиликтүү элди арзандатылган көмүр менен камсыздоо экенин айтты.

«Кыргызстандын ичинде көмүрлөр токтоосуздан сатылып жатат. Болгону экспорт токтотулган. Экспорт менен иштеген адамдар бар. Алар Өзбекстанга киргизишет, албетте ал бизнес чөйрөсүндө жүргөн кишилерге өзүнүн кедергесин тийгизип жатат. Себеби алар жыл сайын көмүрдү коңшу мамлекеттерге алып чыгып сатышчу эле, бул убактылуу токтоп турат», — дейт ал.

Калаа башчысы тургундар жетиштүү көмүр алган соң, чектөөнү кайрадан алып салуу сунушу минкабга берилерин белгиледи.

«Көмүр экспорту таптакыр токтоп калган жок, болгону темир жол аркылуу киргизесиңер деп жатат. Эми чукул элди камсыздап бүтсөк, минкабга облус башчысы Абдикарим Алимбаев тарабынан сунуш берилип, кайрадан коңшу мамлекеттерге мурункудай эле автоунаа менен ташууга мүмкүнчүлүктөр берилет», — деди ал.

Буга чейин минкаб көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. Чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Автору: Акмарват Абдилла кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көмүргө байланган Сүлүктү». «Азаттыктын» Сүлүктү шахтачылары тууралуу тасмасы