Жогорку сот Камил Рузиевди бардык айыптар боюнча актады — адвокат Жакупбекова

Жогорку сот укук коргоочу Камил Рузиевди бардык айыптар боюнча актады. Бул тууралуу укук коргоочунун жактоочусу Чынара Жакупбекова Фейсбуктагы барагында билдирди.

Рузиев Жогорку сотко Ысык-Көл облустук сотунун медициналык маалымкат жасалма делген иш боюнча күнөөлүү деп тапкан 11-октябрагы чечимине каршы даттанган. Жыйынтыгында жогорку инстанция буга чейин укук коргоочуну актаган Каракол шаардык сотунун чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

Буга чейин ушул иш боюнча Каракол шаардык соту Рузиевди кылмыштын курамы жок болгондуктан актаган, бирок облустук сот бул чечимди жокко чыгарып, укук коргоочуга 80 миң сом өлчөмүндө айып салган.

Андан соң Рузиев бул чечим боюнча Жогорку сотко даттанаарын билдирген. Ал медициналык маалымкатты жасалмалоо иши «атайын кызматтар тарабынан токулган» деп белгилеген.

Камил Рузиевдин иши

Камиль Рузиев — «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси катары белгилүү. Ал 20 жылдан ашык милициянын мыйзамсыз аракетинен жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын укуктарын коргоп келет.

Рузиев 2020-жылдын 29-майында Каракол шаарында соттон чыгып келе жатканда кармалган. Аталган сотто Рузиевдин УКМКнын жана прокуратуранын кызматкерлерине карата доосу каралган болчу. Анда ал алар берген арызы боюнча тергөөчү Нурбек Токушевдин коркутууларына чара көрүлбөй жатканын айткан болчу.

Укук коргоочу өзүн кармагандар Рузиев доо арыз жазган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта деп билдирген.

Ал эки суткага убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген, ал эми УКМКдан ЖМКга укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана дарыланганы тууралуу медициналык маалымкаттарды жасалмалоого шектелип жатканы айтылган пресс-релиз келген.

Укук коргоочу өзү деле дарыланганын жашырган эмес, мурдараак ага кол салуу болуп, ден-соолугу солгундай түшкөнүн айткан. Ал дарыланганы тууралуу маалыматтар амбулатордук картада бар экенин, ооруканада жатканы тууралуу маалыматкаттарды жасалмалабаганын билдирген.

Рузиевдин иши боюнча сот иши 2020-жылы сентябрда башталган. Соттун башталышына жакын иштин материалынан «Алдамчылык» беренеси алып салынган.

2020-жылдын июнь айынын башында, укук коргоочу үй камагына чыгарылган соттон кийин УКМК мурда Рузиев кызыкчылыктарын коргогон үч кыргызстандыктын видеосун тараткан. Алар видеодо укук коргоочуну алдамчылыкта айыпташкан.

Видео чыгып кеткенден кийин андагы каармандардын бири укук коргоочуга карата эч кандай дооматы жоктугун айткан. Ал эми 2020-жылдын 28-июлунда Рузиевдин иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адам Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы башчысы Балбак Түлөбаевге арызданып кайрылган.

Ал УКМКнын кызматкерлери андан Рузиевге каршы «алдап» көрсөтмө алышканын билдирип, укук коргоочуга каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.