Экономикага 20 млн сомдон ашык каражат салган инвесторлорлорго виза эми 10 жылга берилет

Кыргызстандын экономикасына 20 млн сомдон (230 миң доллар) кем эмес акча салган инвесторлор 10 жылдык мөөнөткө виза алышат. «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү парламент 11-январдагы жыйынында үчүнчү окууда кабыл алды.

Түзөтүүлөргө ылайык, өлкө экономикасына 10 млн сомдон кем эмес (115 миң доллар) акча салган инвесторлорлорго виза 5 жылга берилет.

Учурда Кыргызстандын экономикасына 10 млн сомдон кем эмес акча жумшагандар үчүн инвестициялык визанын мөөнөтү үч жылды түзөт.

«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына түзөтүүлөрдүн авторлору — депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Жанар Акаев жана Элвира Сурабалдиева.

Инвестициялык виза чет элдик инвесторго Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо менен өздүк бизнесин өнүктүрүүгө жана башкарууга, ошондой эле тендерлерге, аукциондорго катышуу максатында белгилеген мөөнөттүн ичинде өлкөгө эркин кирип чыгууга жана өлкө ичинде жүрүүгө укук берет.

Башкы беттеги сүрөт: economist.kg.