Президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгын башчысы жана республиканын эмгек сиңирген юристи наамынын ээси Мурат Укушев демократия жана Кыргызстандын андагы орду жөнүндө колонка жазды. «Клооп» Укушевдин айткандарын кыскача баяндап, ал эмне үчүн орус пропагандасына окшош экенин түшүндүрүп берет.

Мурат Укушев деген ким?

Бул киши президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгын жетектейт. Ал көз карандысыз юристтер «демократиянын бүтүшү» деп атаган орус мыйзамдарынан көчүрүлгөн ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын демилгечилеринин бири. Андан тышкары, Укушев бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү дискриминациялык мыйзамга жооптуу жана Гитлердин цитаталарын колдонуп жүргөн чиновник.

Ал азыр мындай деп жатат.

Кыргызстан туңгуюкта

Чиновниктин айтымында, 1990-жылдары «таңууланган» батыш демократиясынын принциптери Кыргызстанда иштеп кете алган жок, ошондуктан кыргыз коому туңгуюкка кептелген. Андыктан, кыргыз бийлигине Кыргызстанды «массалык аң сезимдин бөтөн, бузуку стереотиптеринен» коргой турган «шексиз» жана бүлүнгүс коомдук-саясий туруктуулукту түзүү артыкчылыктуу болуп турат дейт.

Чирип бараткан Европа жана АКШ

Укушев орусиялык пропагандачылардай эле ЛГБТны жана Батыштагы бир жыныстуу никелерди сындайт. Анын айтымында, Батыш ушул баалуулуктарды дагы бүткүл дүйнөгө таңуулоого аракет кылып жатат.

Укушев бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялардын бардыгы негизинен «кыргыз коомунда сиңбей жаткан» «Европанын демократиялык моделин» кайрылганын койбой жатат деп ишенет. Анын айтымында, Кыргызстан 1990-жылдары эле Батыштан мол берилген насыяларга башы айланып, социалдык тармакты унуткан бойдон демократияны киргизе баштаган.

«Тилекке каршы, биздин коомдук-саясий ишмерлердин мээсинде демократия дайыма эле коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн эң мыкты формасы боло бербейт деген пикир орнобой жатат. Демократиянын батыштык модели планетадагы бардык эл үчүн жашоо-турмуштун жалпы универсалдык куралы болуп бере албайт», — деп ишенет чиновник.

Укушев «Американын ыплас шайлоолору менен ыплас демкратиясы» тууралуу айтуу менен АКШнын 2021-жылдын январында Капитолийдин имаратын басып алганын эске салат.

Анын айтымында, батыштын демократиялуу коому ал жакта адамдар жынысын алмаштырып, дайыма социалдык түйүндө отуруп, баңги зат колдонуп жатканы үчүн чирип баратат.

«Эркин болуу укугу азия өлкөлөрүнө жарашпайт»

Батышты сындаган соң Укушев Кыргызстан Азияга жана анын демократиялык моделине карашы керек дейт. Ал «диктаторлор» күчтүү мамлекет курган Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Малайзия жана Вьетнамды мисал келтирет.

Анын айтымында, Кыргызстанга азыркы тапта туруктуулук жана күчтүү экономика керек, ал эми демократияны «убагы келгенче» экинчи планда калтырып туруу зарыл. Тартип жана баш ийүү биринчи орунда болушу керек деп эсептейт аткаминер.

«Көпчүлүк Азия өлкөлөрү адамдын эркин жана жеке инсан болуу укугун тааныбайт, жаран социумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Башкача айтканда, батыш коомунун негизги либералдык баалуулугу — “инсандын эркин болуу укугу” — азия өлкөлөрү үчүн жарабайт», — дейт Укушев.

Бул мамлекеттин кызыкчылыгы жарандардын кызыкчылыгынан жогору турушу керек дегенди билдирет деп түшүндүрөт аткаминер. СССРде ушундай болгон, албетте анан бул батыш демократиясына каршы келет дейт Укушев. Азиянын демократиясы, аткаминердин айтымында, коллективизмге, патернализмге жана коомдук пикирге негизделип курулат.

Тема боюнча окуңуз: «Мамлекеттин кызыкчылыгы элдикинен өйдө турушу керек» — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары

Орус пропагандасын көчүрүү

Президенттик аткаминердин сөздөрү «салттык баалулуктарды», «адеп-ахлакты» коргоо керек деп аларды «бузуку» Батышка жана анын демократиясына каршы койгон орусиялык пропагандисттердин риторикасына абдан окшош..

Баалуулук жана адеп-ахлактык багыттын катаал тизмесин түзүү маселеси 2022-жылдын февралында Орусия Украинага ири алкакта кол салгандан баштап өзгөчө курчуй баштаган. Орус бийлигине аскердик агрессиясын калкка идеологиялык күрөшкө жамынып кандайдыр бир жол менен түшүндүрүүгө туура келип жатат. Жөнөкөй айтканда: Батыштагылардын баары жаман, ал эми биз болсо — башкабыз, биздин «салттуу» жана диний баалуулуктарга негизделген «өзгөчө жолубуз» бар.

«Чирип бараткан Батыш» тууралуу сөз айкашы Орусияда 100 жыл мурда эле пайда болгон — бул термин XIX кылымда батышчылдар менен славянофилдердин тирешинде жаралган. Биринчилери Орус империясы батыш өлкөлөрүнүн мисалында өнүгүшү керек дешсе, экинчилери Орусиянын өзүнүн эч кимде жок жолу бар деп көшөрүшкөн.

Орусиялык пропаганданын бүгүнкү күндөгү көпчүлүк бөлүгү дал тирештин негизинде түзүлгөн: Батышта коом бузулган, бир жыныстуу никелер бар, «№1 ата-эне» жана «№2 ата-эне» бар, ал эми «ыйык орус жеринде» — салт жана адеп-ахлак бар. СССР учурунда да курч экономикалык жана саясий маселелер көтөрүлгөндө ушул нерселердин артына жашынышкан, ал эми бүгүнкү күндө орус пропагандасынын толук күчтө иштеп жаткан машинасы ыңгайы келген сайын батыш адамы бузулганы жана ЛБТ тууралуу айта берет.

Эмилбек Жороев

«Пропаганда жана катага толгон жалган макала»

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Укушевдин макаласын уят, интеллектуал сымал, жалганга жана пропагандага толгон макала деп атады. «Бул “өлкө башчысына кеңеш берген акылдуулардын бири ушул болсо, башыңды гана чайкагың келет” деп сүйлөнүп желкени тырматкан макала болду», — деп жазды Жороев.

Анын айтымында, демократия европалык же азиялык деп бөлүнбөйт, ар бир мамлекеттин башкаруусу ар бири үчүн уникалдуу болот.

«Бир дагы коомчулук [толугу менен] ЛГБТ [өкүлдөрүнөн куралып калган] жок, эч качан да андай болбойт, Укушев бул боюнча тынчсызданбай эле койсо болот. Ал эми Сингапурдай болуу мүмкүн эмес, ал жөнүндө кыялданбай эле койгон оң. Бирок, Сингапур, АКШ жана Германиядан мамлекеттик жана экономикалык башкаруу жаатында көптөгөн үлгү алса болот», — деп эсептейт саясатчы.

Жороевдин айтымында, эгер президент жана анын аткаминерлери бул темага ушунчалык эле кызыгып жатса, анда алар Мурат Укушев же ага окшогон саясатчылар саясий тартипсиздик орнотуп салгычакты бул маселе боюнча ачык диалог уюштура алышмак.

Дагы окуңуз:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат

Өтө кооптуу. Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамдын тобокелдиктери тууралуу