Блогер Карыбек уулу кыйрылмандардын маселеси боюнча видеосуна байланыштуу сурак берди

Блогер Улукбек Карыбек уулу 11-январда Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБнин милиция бөлүмүндө сурак берди. Маалыматты «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

Блогердин айтымында, сурак 4,5 саатка созулган.

Милициядан суракка чакырууга блогердин Тажикстандан Ысык-Ата районуна көчүп келген этникалык кыргыздар тууралуу видеоматериалдын үстүнөн түшкөн арыз себеп болгон. Видеодо алар мамлекеттик органдардын кысымы менен акча опузасына кабылганы чагылдырылган.

«Азыр тергөөнүн купуялыгы жөнүндө тил катка кол коюп бердим. Ошондуктан барын ачык айтууга болбойт. Урматтуу достор баары жакшы. Эч бир басым, тергөөчүлөр тарабынан эч бир кысым болгон жок. Мен Ысык-Атага Тажикстандан келген кайрылмандар жөнүндө берүү чыгаргам. Ошол берүүмдүн үстүнөн Венера Шаршеева деген (Ыссык-Ата районунунун жооптуу катчысы — редакциянын тактоосу) адамдан арыз түшкөн», — деп билдирди Карыбек уулу сурактан чыккан күнү кечинде. Бирок блогер сурактын чоо-жайын айткан жок.

Ал эми Чүй ОИИБнен милиция Улукбек Карыбек уулунун кайрылмандар боюнча видеоматериалы боюнча текшерүү баштаганын кошумчалашты.

Улукбек Карыбек уулу блогер жана жарандык журналист катары белгилүү. Ал журналистика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Башында ал «Манас Жаңырыгы» телеканалында иштеген, кийин «Марва» телеканалын жетектеген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Эл Үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Талапкерлердин тимесинде экинчиде турган. Бирок партия шайлоодо өтпөй калган.

Блогер видео материалдарын YouTube каналына чыгарат. Каналынын 380 миңден ашык катталуучусу бар. Блогердин Ысык-Атадагы кайрылмандар тууралуу 7-январда жарыяланган видеосу беш күн ичинде 279 миңден ашык көрүү топтогон.

Август айында ЖМКга каршы арыз даттанууларды караган комиссияга блогердин үстүнөн арыз түшкөн. Комиссияга арыз менен кайрылган Кыргызстандын Медициналык профсоюзунун башчысы Бермет Барктабасова блогер «бүткүл саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштеген адистердин кадыр баркына шек келтирип, аброюна эбегейсиз зыян тийгизди» деп белгилеген.

Бул даттанууга блогердин медиктер көрсөткөн кызматы үчүн жарандардан акча талап кылып жатканы айталган бир нече видеосу себеп болгон. Блогер өзү саламаттык сактоо тутумунун жетекчилери анын иликтөөлөрүн туура эмес кабыл алып жатат деп айткан.