Ош: Sky Bar түнкү клубунда мушташка катышкан бажы кызматкерлери иштен алынат

Sky Bar түнкү клубундагы мушташка катышкан бажы кызматкерлери жумуштан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ведомствонун жыл жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

«Ишти Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин түшүнбөгөн андай кызматкерлер, бейбаштык кылып жүрүшөт, бажы кызматынын аброюн түшүргөнү үчүн кызматтарынан бошотулушу керек. Биз аларды иштен кетиребиз», — деди ал.

Исабеков мушташка эки бажы кызматкери катышканын белгиледи. Исабековдун айтымында, азырынча алар иштен алына элек, себеби алардын бири ооруп жатканына байланыштуу өргүүдө, экинчиси — эмгек өргүүсүндө жүрөт.

Ош шаарындагы түнкү клубдардын бириндеги мушташ 2-январда болгон. Мушташтын видеосу соцтүйүнгө тарап кеткен. Окуядан кийин блогер Ринат Усупбаев Камчыбек Ташиевге кайрылып, «мушташка УКМКнын жана бажынын кызматкерлери катышканын» айткан.

10-январда УКМК түнкү клубдардын биринде мушташкан кызматкерлерин «улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн» жумуштан алган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМКнын кызматкерлерин жумуштан алуу чечими атайын кызматтын өкүлдөрү аралашкан мушташты иликтеп чыккандан кийин кабыл алынган.