Парламентте таксини лицензиялоо мыйзамы колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңештин депутаттары 11-январдагы жыйында жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердигин лицензиялоого багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу коомчулукта нааразычылыктарга алып келерин билдирди. Буга чейин эл өкүлү мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин ооң рулдуу унаалардын айдоочулары лицензия ала албай, мыйзам сыртында каларын айткан. Анын айтымында, «оң рулдуу унаалардын айдоочуларына 2020-жылдан тартып эле такси кылууга тыюу салынган, бирок аны сактабоо үчүн жоопкерчилик жана көзөмөлдөөчү орган болгон эмес».

«Милиционерлер, мамлекеттик кызматкерлер, өрт өчүрүү кызматында иштегендер жана башкалар жумуштан кийин таксиде иштешет. Эгер лицензия киргизсек оң рулдуу унаалардын айдоочулары иштей албай калат. Такси айдоочулары лизенция, 4 миң сомго эки түрдөгү камсыздандыруу полисин, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн камсыздандыруу полисин алып, миң сомго техникалык көзөмөлдөн өтүшү керек болот, патент дагы 2 миң сом турат. Мыйзам долбоору “Яндекс. Такси” сыяктуу ири компаниялар үчүн ыңгайлуу. Документ кабыл алынып калса таксисттин баары ушул жерге келет. Бизге туруктуулук керек», — деп келтирди депутаттын айткандарын 24.kg басылмасы.

Депутат Марлен Маматалиев таксопарктын 50-60%ы — оң рулдуу унаалар экенин белгилеп, альтернативдүү вариантты карап көрүүнү сунуштады, мисалы, оң рулдуу унаалардын ээлерин мамлекет тараптан субсидиялоо. Анын айтымында, бийлик лизингге электромобилдерди бере алмак.

Такси айдоочуларын иши үчүн лицензия алууга милдеттендирген «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамына түзөтүүлөрдү ИИМ 2022-жылдын май айында демилгелеген.

Азыр мыйзамда жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил унаа таксилерин кошпогондо, жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорт каражаттары лицензия алууга милдеттүү деп жазылган. ИИМ таксини милдеттендирбеген бул боштукту алып салууну сунуштап жатат.

Ведомство бул чара таксисттердин ишмердүүлүгүнө экономикалык жактан «анчейин деле таасир» этпейт, максаты «пайда көрүү эмес, жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо» деп эсептейт.

Учурда таксисттер ыктыярдуу патент менен иштешет. ИИМ бул рынокто жүргүнчү ташуучулардын, кичи автобустардын жана жеңил таксилердин (мисалы, «минивэндердин») ортосунда тең эмес атаандаштыкка алып келип жатат деп айткан. Мындан тышкары, министрликтен бүгүнкү күндө машинасы бар адамдын баары жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды сактабастан киши ташый аларын билдиришкен.

Жеңил таксилерге лицензия киргизүү жөнүндөгү талап президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын декабрында кол койгон Кыргызстандын жолдорундагы унаа кырсыктары тууралуу жарылыгында дагы камтылган.

Мурдараак ИИМ бардык чуулгандуу ири авариялар эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо катталып жатканын белгилеген.